Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Күндө 800 граммдан жашылча-жемиш жеген киши узак жашайт
Күндө 800 граммдан жашылча-жемиш жеген киши узак жашайт
08-февраль, 17:07
4 225 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Окумуштуулар “суткасына 800 граммдан жашылча-жемиш жеген киши узак жашайт” деген тыянакка келүүдө.
Лондондогу империялык коллеждин окумуштууларынын эсеби боюнча, бул сунуштар аткарылганда дүйнөдө жылына 7,8 млн. эрте өлүмдүн алдын алууга мүмкүн болот.
Аз сандагы эле мөмө жана жашылча-жемиштерди жегендин өзү деле ден соолукка кыйла эле пайдасын берет. Адам буларды канча көп жесе, ошончо жакшы. Окумуштуулар күнүнө 200 граммдан мөмө жана жашылча-жемиштерди жеп туруу төмөндөгү оорулардын коркунучун төмөндөтөт дейт: жүрөк кан тамыр ооруларынан каза табуу кооптуулугун – 13%; рактын күчөп кетишин – 4%; эртелей каза табуу кооптуулугун – 15% азайтат.
Би-Би-Си