Жүрөгүңүз кармаса, алгачкы 10 секундда эмне кылуу керек?
Жүрөктүн кармашы – дүйнө боюнча өлүмдүн башкы себеби. Тилекке каршы, көпчүлүк, качандыр бир кезде жүрөгү кармап калышына ишенбейт экен. Ошондуктан мындай чукул кырдаал болсо, эмне кылышты баары эле биле беришпейт.
Бул кеңешти билип алуу ашыкча болбос: өзүңүзгө кереги тийбесе дагы, жакындарыңызга, же такыр эле тааныбаган адамга керек болуп калышы мүмкүн.
Эгер оорулуунун жүрөгү кармаса, ал өзүн жоготконго чейин, болжол менен 10 секунд бар. Ал убакытты кандай колдонуш керек? Биринчиден, бирөө тез жардам чакырыш керек. Оорулуу болсо колдон келишинче катуу жөтөлүшү зарыл.
Так ушул убакта катуу-катуу жөтөлүш керек, колдон келишинче катуу. Дем алып, кайра демди жөтөл менен чыгарыш керек. Эгер ушуну туура кылсаңыз, сиздин өмүрдү сактап калууга шанс көбүрөөк болот.
Мындай кылыштын себеби: сиздин кан жүрөккө оңой келип, анын иштешин жеңилдетет. Кан басымды ушундай жасалма жол менен өзгөртүүдө, жүрөк согуу ритми бир калыпка келет. Ушундай жол менен сиз ооруканага жеткиче убакыт утуп, жүрөккө болгон күч келүүнү азайтасыз.