Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адис Жумгалов баштаган ондогон интернет колдонуучулар изделүүдө

Адис Жумгалов баштаган ондогон интернет колдонуучулар изделүүдө

20-сентябрь, 01:21
177 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Соңку убакта соцтармактарда бийликти курч мааниде сындаган интернет колдонуучулар көбөйө баштады. Күч органдары улам бирин тыйса, экинчиси, үчүнчүсү, төртүнчүсү, бешинчиси чыга берет экен. Арбып баратышат... Радикалдуу оппозициялык маанайдагы жазмакер Адис Жумгалов аттуу Фейсбук колдонуучуну күч органдары издеп, таба албай жатышканын эшиттик. Эки достон баштап катуу ашатканын биз да окуп калабыз. Сыягы, Адис баатыр алыскы чет өлкөдө окшойт. Эгерде Кыргызстандын карамагында болсо, акыркы технологиялар аркылуу жүргөн жери такталып, оперлер оңой эле кармап келишмек. Жыйынтыгында, кол жетпей атканын баамдадык. Ачык интернет булактары өнүккөн заманда бийликти ашкере туздаган аккаунттарды тизгиндөө кыйынга турарын көрдүк. Адис Жумгаловдой ондогон адамдар каршылык көрсөтүшүп, безге сайгандай уу билдирүүлөрүн чачып келатышат. Кыскасы, бул жагынан көрүнбөгөн кубалашуулар токтобойт го... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер