Аялдын азабын тарткан саясатчылар


Дональд Трамп
Дональд Трамптын каршылаштары ал АКШнын 45-президенти болуп калбашы үчүн ар кандай ыкмаларды пайдаланышты. Анын аялы Меланья бутага айланды. Шайлоо алды кампаниясынын учурунда болочоктогу биринчи лединин фотомодель кезинде түшкөн жылаңач сүрөттөрү жарыяланып кетти. Бирок, саясый технологдордун бул примитивдүү пиар жүрүшү тескери натыйжа берип, Миланьянин сулуулугу Трамка кошумча добуштар берилишине жол ачты.
Франсуа Олланд
Николя Саркози

Олланддан мурдагы президент Николя Саркози да “ашыглыктын” курманы болгон. Президенттикке жаңы шайланган жылдары ал өзүнүн аялы менен ажырашат да, “төшөк жаңыртып”, топ-модель, ырчы Карле Бруниге үйлөнөт. Жогоруда айтылгандай, топ-моделдин эркек менен аялдын ортосундагы мамилеге карата либералдык көз карашы, “мен моногамиядан тажадым” деген сөздөрү, ЖМКларга жарыялана калчу жылаңач сүрөттөрү өзгөчө демократиялуу француз коомчулугун көп деле сарсанаа кылган эмес. Ызы-чууга анын каржылык бир операциясы себеп болду.
Басылмалардын жазганына караганда, ал өзүнүн биринчи ледилик таасиринен пайдаланып, СПИДге каршы күрөшүү фондусун жетектеген париждик досу, доктор Мишел Казачкинге 3,5 млн. доллар котортуп берген. Президенттин тарапкерлери ошол замат бул Саркозинин президенттик шайлоодогу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүү үчүн атайылап ойдон чыгарылган “беш өрдөк” деп чыгышты. Бирок, “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” эмеспи. Анан калса, Брунинин “менин командам жок, күйөөмдү пайдаланам, бул фантастикалык натыйжа берет” деген сөздөрү элдин эсинде болчу. Айтор, Саркози шайлоодо жеңилип калды.
Сильвио Берлускони

Сильвио Берлускони Европа лидерлеринин арасынан эң катынпозу катары эсептелет. Секс ызы-чуунун айынан ал премьерлик креслосунан айрылган. Биринчи жолку чоң чыр 2009-жылы анын топ-модель Ноэми Летиция менен байланышы билинип калганда чыккан. Берлускони анын туулган күнүнө барып, бриллиант менен кооздолгон баасы 6 миң евролук шуру мончок белек кылган.
Экинчи жолку секс чыр 2011-жылы чыкты. ЖМКлардын жазганына караганда, Берлускони өзүнүн вилласында “бунга-бунга” деп аталган секс-кече өткөрүп, ага марокколук Карима эль-Маругду чакырган экен. Бул учурда Карима 17 эле жашта болгон.
“Берлускониге жашы жете элек сойку менен жакындыкта болгон, аны полиция участогунан бошотуп алуу үчүн кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деген айып менен кылмыш иши козголот. Үч жыл өткөн соң Миландын соту Берлусконини толугу менен актады. Бирок, анын саясый карьерасы аябай эле зыян тартып калды.
Билл Клинтон

Өз учурунда Моника Левинскиге байланышкан секс жаңжал президент Билл Клинтонду аз жерден импичментке туш кыла жаздаган. 1998-жылы ЖМКларда Акүйдүн 42-кожоюну менен 25 жаштагы практикантка Моника Левинскинин ортосундагы интимдик байланыш тууралуу маалымат тарап кетет. Клинтон “мен бул аялга дегеле жологон эмесмин” деп карганат. Бирок, Левински “болгонбуз” деп ачыктап салат...
Натыйжада, бул чатак импичмент менен бүтө жаздады. Бирок, президенттин сексуалдык байланышы үчүн эмес, сотто калп көрсөтмө бергени үчүн жаза баскан. Бирок, Клинтонду ошондо аялы, биринчи леди Хиллари айым куткарып кетти.
Джон Адамс

АКШнын президенттеринин арасынан секс жаңжалга кабылган жалгыз эле Клинтон эмес. АКШнын экинчи президенти Джон Адамс 1800-жылы өзүнүн талапкерлигин экинчи мөөнөткө коёт. Бирок, шайлоо учурунда досун “мага ылайыктуу ойнош таап кел” деп Европага жибергени билинип калып, президенттик ырыскыдан кол жууйт.
Гровер Кливленд

АКШнын 22-жана 24-президенти Гровер Кливленддин таржымалы да кызык. 1884-жылы митинг учурунда элдин арасынан бир аял чыга калып, “мен баламды президент Кливлендден төрөгөм” деп кыйкырат. Бул нааразылык акциясын Республикачылар партиясы уюштуруп жаткан экен. Алар ошол замат “апа, менин атам кана?” деп кыйкыра башташат. Бирок, Кливленд эр экен, тиги аял менен байланышын танбай, “ооба, анын баласынын атасы менмин” деп мойнуна алат. Ушинтип ачык айтканынын аркасы менен ал кийинки шайлоодо да жеңип чыккан.
Aryba.kg











