“Теңир сүйгөн Умай эненин балдары турмушта баатыр, улукман, дарыгер болуп чоңоюшат”
(Профессор, медицина илимдеринин доктору, академик Мамбетакун Намазбеков мырзага!)
“Теңир сүйгөн Умай эненин балдары турмушта баатыр, улукман, дарыгер болуп чоңоюшат” деген түшүнүк бар кыргыз элинде. Чынында эле улуу даражалуу дарыгер-инсан Намазбеков Мамбетакун агабыз тууралуу сөз болгондо ошол ой ар дайым эске келет. Анткени анын жөнөкөйлүгү, өзүнөн мурда көзү күлүп турган адамгерчилик сапаты, сексендин кырын ашса да жаш жигиттей сергек, кайраттуулугу ар дайым таңгалдырып келет. Себеби эмнеде экенин ушул күнгө чейин түшүнбөйм. Балким ал табиятынан ошондой болуп жаралгандыр. Анда эмесе аны өз оозунан угалы.
“Мен 1941-жылы 1-августта Ысык-Көлдүн Кожояр айлында туулуп, өстүм. Атам армияга кеткенде 1 жаштагы бала экенмин. Ошол бойдон кайрылып келбептир. Алты жашка чыкканда эгин талаага чыгып, машак терип, буудайды кырманда түнү менен өгүз минип майдалап, кээде кырмандын четинде уктап калган күндөрүбүз да болду. Ал убакта кийим-кече тартыш болгондуктан, айылдын четиндеги мектепке жылаңайлак барып жүрдүк. Нанды чанда гана көрчүбүз. Энем раматылык атайын Кырчын жайлоосуна барып, көк сүттөн уютулган бир чыны айранды колуна кармап жөө келер эле. Ооруп калган күндөрү “чоңойгондо дарыгер болуп бизди айыктыр” деп айтчу. Ошентип, айылыбыздагы жети классты бүткөндөн кийин Темир айылындагы орто билим берүүчү интернатты да бүтүрүп, энем менен эжем айткан дарыгерликти тандап алдым. 4-курстан баштап хирургдарга жардамчы болуп жүрүп, операция жасаганды да үйрөндүм. Институтту бүткөндөн кийин биринчи эмгек жолум Түп райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн дарыгери болуп башталды. Бул жерде иштеп турганда жалпы хирургиянын бүт операцияларынан башка дагы травматология, акушер-гинокология, нейрохирургия, лор жана урология ооруларына да операция жасаганды өздөштүрдүм. Анткени бул жерде жогоруда аталган оорулардын адистери жок болгондугу себеп болду.
Андан кийинки иштерим Чолпон-Ата шаарындагы райондук оорукананын хирургу болуп уланды. Балким менин дарыгерлик тагдырымдын кесиптик бурулушу ушул жерден башталса керек деп ойлойм. Анткени, ошол күнү көлгө түшүп аткан баланын таманын айнек кесип кетип, кан токтобой агып жатканын көрүп, ошол баланын жанын сактап калуу мен үчүн абдан оор сыноо болду. 8 саат бою операция жасап, акыры кан тамырын бууп-улаштырып, канын токтотуп, баланы эс алдырып, атасынын ыраазычылыгына татыдым окшойт. Бул менин дарыгер катары кан тамыр хирургиясы боюнча эң алгачкы чоң жеңишим эле. Ошондон кийин 1967-жылы академик Иса Коноевич Ахунбаевдин демилгеси менен республикада жүрөк жана кан тамыр хирургиясын өнүктүрүү үчүн бизди (төрт врачты) тандап алып, союз боюнча жалгыз Москвадагы академик А.Н.Бакулев атындагы “Жүрөк кан тамыр хирургия институтунун” аспирантурасына өткөнбүз. Мен кан тамыр бөлүмүнүн башчысы, академик А.В.Покровскийдин астында иштеп, 1970-жылы мөөнөтүнөн мурда кандидаттык диссертациямды жактадым.
Ошол 1970-жылы Кыргызстанда баштапкы артериялык кан тамыр менен жабыркаган бейтапка операция жасап, жасалма кан тамыр менен биринчи жолу алмаштырып, эң алгачкы кан тамыр хирургиясы ачылды десек болот. Ошентип, беш жылдын ичинде 50дөн ашык кан тамырларды жасалма кан тамырлар менен алмаштыруучу өтө татаал операцияларды жана диагностикалык ыкмаларды киргизүүгө жетиштим. Анын негизинде 1976-жылы республикалык клиникалык ооруканада (азыркы мамлекеттик госпитал) 60 койкалык кан тамыр бөлүмү, 1990-жылы республикалык кан тамыр борбору уюштурулуп, Ош жана Жалал-Абад облустук ооруканаларында 15 койкалык кан тамыр бөлүмдөрү ачылды” деп эскерет.
Агабыздын андан аркы дарыгерлик өмүр жолу тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунушталып, КР Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин колдоосу менен чечим чыгарылып, КР президентине расмий кайрылуусунда Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунун медицина илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Намазбеков Мамбетакун Намазбековичти “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку артыкчылык даражасына көрсөтүү боюнча расмий документтеринде толук баяндама берилген.
-- 1975-1981-жылдары КР клиникалык ооруканасында эң алгач ачылган кан тамыр бөлүмүнүн башчысы;
-- 1981-1983-жылдары СССРдин МИА (Москвадагы) А.Н.Бакулев атындагы кан тамыр хирургиялык институтунун докторанты;
-- 1986-жылы ошол эле институтта (Москвада) “Жаш балдардын бөйрөк кан тамыр оорусунун хирургиялык жолу” деген докторлук диссертациясын жактады.
1970-жылдан бери кан тамыр оорусунан жабыр тартып айыккандардын саны 15 миңден ашат. Анын ичинде өтө татаал магистралдык кан тамырларды жасалма кан тамырлар менен алмаштыруу ыкмалары колдонулган. Ушул эле аралыкта уникалдуу дарыгер М.Намазбеков тарабынан жаралган илимий эмгектердин саны 250дөн ашты, 4 монография, 4 жаңы ойлоп табуу ыкмасы ишке киргизилип, 10 эмгеги чет өлкөлөрдө жарыяланды. М.Намазбековдун жетекчилиги астында Борбор Азия өлкөлөрүнүн (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан) жана чет өлкөлөрдүн (Бангладеш, Индонезия, Кытай) медициналык кадрлары кан тамыр системасы боюнча кайра даярдалып, иш жүзүндө колдонуу методикалары менен таанышты. Ал өзүнүн бай тажрыйбасын Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана Кыргыз-Орус славян университетинин студенттери менен да 40 жылдан бери тең бөлүшүп, Кыргыз мамлекетинин медициналык кадрларынын кесипкөй деңгээлин жогорулатууга кызмат кылып келет. Анын жетекчилиги астында 4 кандидаттык жана 1 доктордук диссертация жогорку баада жактырылып, азыркы учурда дагы 5 кандидаттык жана 2 доктордук диссертация даярдалып жатат. М.Намазбековдун жетекчилиги астында даярдалган 500дөн ашык жаш дарыгер-врачтар азыркы учурда Кыргызстандын баардык облустук клиникаларында, ошондой эле Россиянын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Бангладеш, Индонезия ж.б. мамлекеттеринин кан тамыр дарылоочу клиникаларында эмгектенишет. Ар бир 5 жылда кан тамыр хирургиясынын актуалдуу маселелери боюнча регионалдык алдыңкы илимий жана практикалык адистердин катышуусунда илимий-практикалык семинар жана конференциялар өткөрүлүп турат. 2011-жылдын 21-сентябрында Борбор Азиянын жана Индонезия, Бангладеш өлкөлөрүнүн делегаттарынын катышуусунда кан тамыр хирургиясынын алгачкы съезди өткөрүлдү.
Азыркы учурда Мамбетакун Намазбеков агабыз КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Бүткүл дүйнөлүк ангиолог жана кан тамыр хирургиясынын Директорлор кеңешинин жалгыз мүчөсү, Борбор Азиянын жүрөк кан тамыр хирургдар ассоциациясынын вице-президенти, Кыргыз Республикасынын кан тамыр жана эндоваскулярдык хирургдарынын президенти. Россия Федерациясынын кан тамыр хирургдары ассоциациясынын анык мүчөсү. Илим жана техника боюнча мамлекеттик (1978) жана И.К.Ахунбаев атындагы академиялык (2003) сыйлыктарынын лауреаты. КР илимине жана элине эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин, саламаттык сактоо жана билим берүү министрликтеринин бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган. 2022-жылдын 31-августунда КР президентинин указы менен 3-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. 2022-жылдын сентябрь айында улуттук илимдер академиясынын илим күнүнө карата уюштурулган чоң жыйынында “Ардактуу академик” наамы ыйгарылды. Ошондой эле Семенов айыл өкмөтүнүн жана Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу.
Ооба, кан – бул жашоо. Кан тамыр болбосо бир да орган иштебейт. Азыркы учурда жаш балдар арасында тубаса кан тамыр оорулары көп кездешүүдө. Мындай шартта ал жаш балдардын ата-энелери менен биргеликте медициналык профилактика иштерин кеңири жайылтуу жана алдын ала чара көрүү менен алек. Мезгилдин талабына ылыйык азыркы учурда өзү жетектеген республикалык кан тамыр хирургиялык клиникасында магистралдык кан тамыр жана ошондой эле лимфовеноздук системаларында кездешүүчү айрым патологиялык көйгөйлөрдү изилдөө илимий иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул маселелер тууралуу мен урматтуу дарыгер агабызга дагы бир жолу кайрылып, дагы кандай актуалдуу проблемалар менен алектенип жатканын жана жалпы эле кыргыз коомчулугуна кайрылып, азыркы жөнөкөй эмес климаттык жана социалдык-экономикалык шартта кандай дарылоо-профилактикалык иштерге көңүл буруу керек экени тууралуу кеп-кеңештерин сурандым.
“Ооба, биз – кыргыздар табиятыбыздан ошондой айкөл, ак көңүл, ишенчээк эл эмеспизби... Кээде ошол камырабастык кыялыбыздын кесепетинен көп ооруларды өтүштүрүп жиберген учурларыбыз кездешет. Аларды дарылоо кай бир учурда кыйынга туруп калышы да мүмкүн. Эми Кудай анын бетин ары кылсын дейли. Ошондуктан ар бир адам ден соолугуна тыкыр көз салып, өз убагында дарыгерлерге кайрылып турса, дарылоо жолу да узакка созулбай, тез айыгып кетиши мүмкүн. Учурдан пайдаланып, дарыгер катары элиме айтарым, улуу инсан Омар Хайам айтып кеткендей, ар бир инсан сергек жашоого, адамдын көңүлүн калтырбай, боорукер болууга, бирөөнүн жүрөгүн оорутпай сый-урматын сактоого үйрөнүшү зарыл. Анткени биздин эң негизги байлыгыбыз – биздин ден соолугубуз” дейт.
Мен дагы өз кезегимден пайдаланып, урматтуу Мамбетакун агабызга алдыдагы албан иштерине ийгилик каалоо менен бирге, элиңизге арнаган ак эмгегиңиздин натыйжасы инсандык зоболоңузду мындан да бийик даражага көтөрүп, сүйкүмдүү үй-бүлөңүз, уул-кыздарыңыз, небере-чөбөрөлөрүңүз жана дос-туугандарыңыз менен бирге дагы көп жылдар бою бакубат жашооңузга чын дилимден тилектешмин!