Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үйдөн чыгарылган 110 мышыкты бакканга ыктыярчы изделип жатат

Үйдөн чыгарылган 110 мышыкты бакканга ыктыярчы изделип жатат

21-сентябрь, 18:09
497 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Испаниянын түштүгүндөгү Валенсия аймагындагы 100 чарчы метр аянт батирде жашаган адам үйүнөн чыгарылгандан кийин аны менен чогуу турган 110 мышык үйсүз калды.

Жаныбарларга кам көргөн “Spama Safor” жайынын билдирүүсүнө караганда, жаныбарларга жаңы үйлөрдү табууга аракеттер көрүлүп жатат. Ал жактагы кызматкер Сальвадора Тормас Франциянын AFP агенттигине курган маегинде алгач үйдөн 96 мышык табылганын, кийинчерээк алардын саны 110 экени белгилүү болгонун айтты.

“Үй ээси үч жыл мурун эки мышыкты үйүнө алып келген окшойт. Ошондон бери алар көбөйгөн” деген кызматкер 110 мышыкка орун жоктугун, ала турган ыктыярчылар изделип жаткандыгын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер