Күйөөм “каралар” дүйнөсүнөн, кантип туура жолго салам? Ой басат...


Мен турмушка жыйырма беш жаштан өтүп чыктым. Күйөөм Аскар бир сырдуу, олуттуу жигит. Аны жактырып турмушка чыккам. Экөөбүздүн үй-бүлөлүк жашообуз башталгандан кийин анын “каралар” дүйнөсүнөн экенин билдим. Туура, өзүмдө күнөө бар, анткени аны жакшы көрөм. Анын жашоосун жаңы билгенде “таштайм, жаңы жашоо баштайм” деген. Бирок бир жылдан ашты, аны менен бир кызыктай жашоо кечирип келем. “Таштайм дедиң эле го, кана?” десем, “мен чыга албай калдым, сага зыяны тийбейт. Коркпой жашай бер” деп койду. Коркпой жашайын десем... баарын айтпайын, мына бир мисал, түнкү саат 2-3 болобу айырмасы жок, бирөөлөр чалып, чыгып кетип 1-2 күн келбей да коёт. Анан башкасын айтпай эле коёюн. Эжелер, эми эмне кылам? Кантип аны “каралардан” чыгарам?
Жолдошум “эч кимге айтпа, айтсаң сен да, мен дагы өлөбүз” дейт. “Азыр балалуу болбойбуз” деп жакшынакай дагы жашагысы келбейт. Кетип калайын десем, ал жакшы адам, урбайт, сөкпөйт, сыйлайт, сүйөт. Мен да аны жакшы көрөм. Жакшы кеңеш берсеңиздер? Жолдошумдун ушундай ыплас нерседен чыгуусуна себепкер болсоңуздар, Кудай сиздерден ыраазы болсун!
Гүлнура
"Азия Ньюс" гезити











