Баш ооруну таблеткасыз, тез айыктыруунун жолдору
Баш оору азыркы кезде ар бир адамдын көйгөйү. Жакшы маанайга жолтоо болуп, көңүлдүү иштөөгө мүмкүндүк бербеген баш ооруну таблеткасыз айыктыруу жолдору ар бирибизге кызык. Өзүңүзгө тынч абал тартуулагыңыз келсе, төмөнкү ыкмалар менен таанышып алыңыз.
Жумуртканын сарысы. Алгач жумуртканын сарысын аябай чалып алыңыз. Даяр болгондо таза чүпүрөктү ага малып, чекеңизге компреcс катары басыңыз. Бул ыкма баш ооруда жана температура жогорулап кеткенде жардам берет.
Ромашка. Бир ууч ромашка гүлүн мискейге салып, анын үстүнө муздак суу куюп, 5 мүнөткө чейин кайнатыңыз. Андан соң ромашканы буусу сыртка чыкпагандай кылып үстүңүздү кымтып жаап, 15 мүнөт ромашканын ысык буусунан дем алыңыз. Бул ыкма баш ооруну тез арада жазууга жардам берет.
Сарымсак. Эки чыкыйыңызга, кежигеңизге жана чекеңизге сарымсакты эки бөлүп сүртсөңүз, баш ооруңуз заматта басылат.
Лимон. Катуу ооруп жаткан баш ооруну лимондун кабыгы басат. Ал үчүн алгач лимондун ичин кабыгынан бөлүп алыңыз. Ал эми кабыгын ички жагын каратып эки чыкыйга 2-3 мүнөт коюңуз. Акырындык менен баш ооруңуз басылат. Лимонду алгандан кийин териңиз кызарып калса, ал жерге балдардын бет майын же вазелин сүйкөп койсоңуз болот.
Чалкан. Чалкандын маңызы баш ооруга жакшы жардам берет. Ал үчүн 2 аш кашык чалканды 300 миллилитр кайнаган сууга салып, чай демдегендей демдеп коюңуз. 2-3 аш кашык менен тамактанарга жарым саат калганда ичип туруңуз.
Жалбыз. Чайыңызга жалбыздын жалбырагын кошуп, 2 чөйчөк чай ичсеңиз 15-20 мүнөттүн ичинде кеселден айыгасыз. Мындай чайды башыңыз ооруган ар кандай маалда колдонсоңуз болот.
Капуста. Башыңыз ар дайым сыздап, сынып кетчүдөй болуп ооруй берсе, анда сизге кадимки эле капустанын жалбырагы жардамга келет. Капустанын жалбырагын ширеси чыккандай кылып сыгып алып, эки чыкыйыңызга жана төбөңүзгө коюп жоолук менен таңып алыңыз да, башыңыз басылганганча күтүп олтуруңуз.
Кызылча. Кызыл кызылча баштын катуу ооруганын айыктырат. Ал үчүн алгач кызылчаны шире сыккычтан өткөрүп, ширесин алыңыз. Алынган ширеге кебезди малып кулагыңыздын артына, айланасына басыңыз. Баш ооруңуз заматта басылат.