Аалы Туткучев менен Жеңишбек Жумакадырдын динчил жүрүштөрү филармонияны булгайбы?

Гезиттин өткөн санында төкмө ырчылар Аалы Туткучев менен Жеңишбек Жумакадырдын динди ырдаганын жазганбыз. Көрсө, эки ырчы качан эле “гүленчилердин” жамаатына кирип, алардын акырынан “жем” жеп, Жеңишбек Жумакадыр кыздарын “Себаттан” окутуп, өзү үй алып, машине тээп, ал эми Аалы Туткучев болсо президент катышкан концертте “ылай кечип жүрөм” деп бечаранын кейпин кийип, бирок тойлордо 30-40 миң сомдон сологонун айтпай жүргөнүн да жазганбыз. Бул эки эргул “гүленчилердин” саясатын филармонияда жүргүзүп, раматылык Элмирбекти да үгүттөшүп, ал болсо эркин жүргөн неме молдолордун тар чөйрөсүнө сыйбай канча “акелеп” асылышса да көнбөй коюптур. “Саргашканы” да жакшы эле үгүттөп мечитке чейин жетелеп алып барышкан экен, Амантай акең эртеси эле буркурап “жыпар” жыттанып келсе, экөө андан безе качып, ошондон кийин жолобой калышыптыр. Өздөрү болсо кыргыздын табиятына жат динди, пайгамбарларды даңазалаган мазмундагы ырларды арабдардын обонуна салып озоңдоп жүрүшөт. Таңкалычтуусу, “жумушка чыкпайсың” деп Малик Аликеевди кызматынан бошотуп, тартипти катуу кармаган директор Кыргызбай Осмонов бул эки эргулдун “гүленчи” саясатын мамлекеттик Т.Сатылганов атындагы филармонияда каалагандай жүргүзүп жатканына эмне үчүн жол берүүдө? Ардагер тамада-директор дин мамлекеттен, дагы тагыраак айтсак, филармониядан сырткары болуш керек экенин түшүнбөйбү, же мындан ары жалаң намазга жыгылгандар, динди филармония аркылуу элге жайылткандар гана артист болобу?
"Азия Ньюс" гезити