Бизди эртеби-кечпи өлүм күтүп алат. Убактыңды кандай өткөрүп жатасың?
· Акыркы жылдары кандай китептерди окудуң?
· Кандай илимдер менен тааныш боло алдың? Жандүйнөңө жаңы нерселерди жарата алдыңбы?
· Өзүңө арнап канча инвестиция жумшадың, канча каражат короттуң?
· Сен кайсы өлкөдө төрөлдүң, канча байлыгың бар экенине карабай ар бирибизге бир суткага 24 саат берилген. Ал убакытты кандай коротосуң? Сенин ийгилигиң, жетишкендигиң, болгон кубаныч-кайгың ошол убакыттын ичинде катылган.
· Сен ким болгуң келет? Азыр кай жактасың, убакытты ким менен кантип өткөрөрүң маанисиз. Ийгиликтүү адамдардын баары убакытты баалашат. Алар баардык 24 саатын тең маанилүү иштерге жумшайт.
· Биз өзүбүздү түбөлүккө тирүү жүрчүдөй сезебиз. Узакка жашачудай сезебиз. Биздин убакыт бүтпөс же түбөлүктүү эмес.
· Биздин убакыт чектелүү. Ченелүү жана өтө аз...
· Ийгиликтүү адамдар убакыт ийгилик алып келерин, убакыт, ар бир ирмем кандай баалуу турарын, канчага бааланарын жакшы билишет. Андыктан, көп убакыттарын өнүгүүгө, билим алууга, пайдалуу жолугушууларга жумшашат.
· Ар бир жаңы нерсеге, жаңы башталышка көп убакыт талап кылынат.
· Сен убактыңды кимдер менен кандай иштерге арнап өткөрөсүң? Алгач өзүңө өзүң жооп берип көрчү?
· Бир күндө канча саатыбызды, канча мүнөттөрүбүздү болбогон нерселерге, аңгыраган боштукка арнап өткөрөбүз.
· Ар убак өзүңдү жакшыртууга, өнүктүрүүгө убакыт тап.
· Сенин убактың жарык дүйнөдөгү баардык нерселерден баалуу.
· Бизди эртеби-кечпи өлүм күтүп алат. Бул жашыруун эмес. Бирок бүгүнкү күнүңдү кандай өткөрүп жатканың баарынан маанилүү.
· Убактыңды жогото бербе. Ал нерсе кайра айланып келет. Убакыт кайра сени өлтүрөт.
· Убактыңды баалай бил.
· Сага балким оор болор, бирок айланаңды ар убак ийгиликтүү адамдар курчоосуна айландыр!
Сен эми чоң ийгиликтерди жаратасың... Анткени сен убактыңды баалаганды үйрөндүң!
"Азия Ньюс" гезити