Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аптаптуу ысыкта кайсы азыктар кооптуу?

Аптаптуу ысыкта кайсы азыктар кооптуу?

25-июль, 20:10
3 700 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күндүн ысыгында кофе, таттуу, туздуу жана сүрсүгөн тамактарды жебөө керек. Бул тууралуу SberZdorovye медициналык онлайн-сервисинин диетологу Маргарита Макуха билдиргенин “Известия” басылмасы жазып чыкты.

“Аталган азыктар суусунду кандырбай, тескерисинче, адамды суусатат. Мындан тышкары, бул азыктар организмдеги суунун азайышына алып келет. Ошондой эле ичеги-карынга терс таасирин тийгизип, иммунитетти төмөндөтөт жана аллергиялык реакцияларды пайда кылышы мүмкүн дейт диетолог.

Макуха ысыкта фастфуд сыяктуу майлуу тамактардан оолак болууга чакырат. “Кофе жүрөк кан тамыр системасынын иштешине кошумча күч келтирип, организмдеги суунун көлөмүн азайтат. Бул суусундук жүрөктүн кагышын күчөтө” деди дарыгер.

Белгилей кетсек, дарыгерлер сууну адамдын салмагына жараша ичүүнү сунуштайт. Алсак, бир килограмм салмакка болжол менен 30 миллилитр суу ичүү керек. Формула ден соолукта олуттуу көйгөйлөрү жок адамдар үчүн ылайыктуу экендиги айтылат. Адистер жылуу жана бөлмө температурасындагы суу жөнүндө болуп жатканын белгилейт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер