Түш – бул жаныбыз жүргөн баштапкы космостук түнгө эшик
Башкалардан кыжырланткандын баары өзүңдү түшүнгөнгө алып келет.
***
Эгерде жөндөмдүү болсоң, бул бирөөнөн бир нерсе алууну эмес, тескерисинче, бир нерсе бере аларыңды түшүндүрөт.
***
Депрессия кара кийинген аялга окшош, келсе кубалабай дасторкого отургузуп, эмне айткысы келгенин ук.
***
Кээде мээ жетпеген табышмактардын жандырмагын кол менен табасың.
***
Түш – бул аң сезим пайда боло электе жаныбыз жүргөн баштапкы космостук түнгө эшик.
***
Башкалардан канааттанбагандын баары өзүңдү түшүнгөнгө алып келет.
***
Өз каалоолоруңду талдап чыкпасаң, аягына жете элексиң.
***
Биз өзүбүздү толук көзөмөлдөйбүз деп ойлойбуз. Бирок, досубуз биз жөнүндө оюбузга келбеген нерселерди айтып бере алат.
***
Биз коомдун бир бөлүгүбүз, анын сырлары чексиз.
***
Эки инсандын жолугушуусу эки химиялык элементтин кошулуусундай, кичине эле реакция болсо экөө тең өзгөрөт.
***
Жалгыздык – тегерегиңде адамдардын жоктугу эмес, сен үчүн маанилүү нерселерди сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу, же сенин көз карашыңды кабыл албоосу.
***
Сенден кетип жаткан адамды кармаба. Сага келе турган адам келбей калат.
"Азия Ньюс" гезити