Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзгөчө абалда жортуп, “так секирген эчкини таамай аттым...”

Өзгөчө абалда жортуп, “так секирген эчкини таамай аттым...”

20-апрель, 12:04
1 559 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Эссе ордуна)

Вирустук апаат болобу, же согуш оту тутанабы, эч качан махабат кумарын токтото алган эмес. Ыгы келген жерден кыналышып, от сезимдерди купуя чача койсо жарашпайбы? Кырдаалга жараша үйдө да жаттым, эриктим эй. “Аңчы” жаным тынч тура албады...

Эки күндүн биринде кечке маал сейилдеп, тоо тарапка чейин басып келмей адатым бар. Бүгүн да кайталанган көрүнүш. Панорама жактан жөө жалаңдай түшүп келатсам, велосипедин чукулап, көркөмдүү соорусу көз талдырган, турпаты өзгөчө суктандырган кызга арбалдым. Акырын жанына өтүп баратсам карап калды. Көздөр чагылышып кетти...

--Бузулуп калдыбы?-дедим кылчайып.

--Ооба...

--Карап көрөйүн,-деп кайрылдым.

Ал ушуну эле күтүп тургансып, башын ийкеди...

Велосипединин цепь жагындагы бир болту бошоп кетиптир. Кычкачтай болгон колум менен кычырата бурадым да, педалын чимирилте айлантып койдум. Анын көздөрүнө күлкү уялады.

--Рахмат байке! Жакшы болду...-деди жылмайып.

--Эч нерсе... Бул жакта дайыма тебесиңби?..-дедим андан ары сөздү улай.

--Ооба. 

--Мен дагы. Бирок жели жарылып калыптыр...

--Аа...-деди бир нерсени айткысы келип.

“Амалдуу аңчыга ажалдуу эчки жолугат” дегендей, экөөбүз таанышып калдык. Нура (кыскартылды). Медакадемияда окуйт экен. Жашы 24тө. Ачык мүнөз. Сөзүбүз уланып баратты. Мурунга илген маскаларды да чечтик. Катарлаш жөө басып, ылдый жактагы “Альбатрос” банясы тарапка жетип калыппыз. Жылуу маанайда. Телефон номерин да алып койдум. Ошентип, жарым сааттай убакытта бир топ пикир алышып, байланышта болууну да сүйлөштүк. Кызыгы, экөөбүз бир райондо, жада калса бир двордо жашайт экенбиз. Тагдырдын дал келген белегине таңгалдым...

Эртеси күнү номерине бирдик салдым. Азганакай нерсеге ыраазы болду. Жашыруун телефонум менен сүйлөшүп калабыз. (Детективдей жүрөм да.) Өзгөчө СМС аркылуу сөздүн гүлдөрүн жазып, көкүрөгүн майрамга бөлөсөң жибийт эмеспи. Жолугууга шашпадым. Үч күн өттү. Адаттагыдай эле СМС ыргытышмай. “Бошсузбу? Велик теппейлиби?” деп калды. Кудай жалгады. А менин велосипедим бузук эмеспи. Оңдотконго чыгынбай жүргөнүмдү карачы? Бирок, экөөбүз жөө басмай болдук. Сүйлөшкөн убакытта чыгып, “Асанбайдан” тоо тарапка кеттик, эки сааттай кыдырдык. Ички дүйнөсү таза, сезимтал жан. Жакшы сейилдөө болду. Жүзүнөн сүйүп, колдорум кичине “тентектик” кылганга жарады... 

Ошентип, Нура экөөбүз эски тааныштардай эле жакындаша баштадык. Дагы эки күн өтпөй ал үйүндө жалгыз экенин айтты. Жорткону калдым. Бир чоң пакетти көтөрүп, күүгүмгө жетпей кирип бардым. Душтан чыкканы байкалып турат. Наздуу. Ал жаңы эле балык кууруптур. Мен ала барган винодон шыңгырата куйдум...

--Сиз мени туура түшүнүп атасызбы?-деди ыңгайсыз тарта.

--Жакшы эле. А эмнеге?

--Баары тез болуп жатат...

--Эч ойлонбо да. Мага жактың...

Нура уялыңкы жылмайды. Экөөбүз бир сааттай убакытта билектей бөтөлкөнү түгөтүп коюппуз. Анын беттери албырат. Ого бетер ажарлуу көрүнүп... Мен балконго чылым чеккени чыктым. Коңшу үйлөрдөгү терезелер жаркырайт. Биринде ырдап атышат, дагы бөлөгүндө бака-шака. Ичкерини карасам, Нура аркы бөлмөгө кеткендей. Тамекини шак ыргыттым. Ойлогон ойдун туу чокусуна жакындап калганымды сезем да. Тынчсызданып. 

Балкондон башпактым. Ал аркы бөлмөдө телефонун зарядга коюп атыптыр. Артынан аста кучактадым. Адатымча. Жагымдуу жыт аңкыган моюнунан өптүм. Бир колум киндиктен ылдый кетти. Абышкалар айткандай, өнөктөшүмдүн “үйүргө кошулганын” байкадым... Дароо эле халатын чечип жиберип, кулагынан сүйүп, диванга бой таштадык. Өбүшүп кирдик. Көкүрөгүн жылаңачтап ийдим. Жыты сонун. Тартынып, ойдолоктоп жиберди. Болбой эле турсийине жабыштым. Так секирди. Буйдалактап.

--Коюңузчу? Болбойт…-деди.

Бул арага чейин өзүм да кийимдеримди туш тарапка ыргытканга үлгүрдүм. Бири-бирибизге жуурулушуп, эзилишкенибиз тереңдеп баратты. Мен дырдай чечинип алдым. Нура улам эле ойдолоктоп, турсийин чечпейт десең. Мени болсо оозун бербеген күлүктүн ахвалына алпарып салды. Мындан ары токтоно албайт элем. Лом менен чаап эле апакай дененин үстүнөн алып салбаса, чап жабышкан жаным кыттай уюп, ажырачудай эмес. Зыңкыя каткан кайбарым улам жоон сандарынын ортосуна кадала түшүп, кайра тайып кетет. Тиягы сыртына чейин чылпылдап кетиптир... Бир маалда болгон салмагым менен ныгыра басып, турсийин жылдырып жиберип, дароо эле кайбарымды кайкалата сойлоткондочу...

--Ай! Ах-х...-деп кыйкырып алды.

Балкыйт да, балкыйт... Кыңкыстап, үнүн бийик чыгара онтоп, кулагымдан тиштегилеп жатты... Өбүшө кетебиз, кайра алкымынан искейм. Токтобостон төрүнө чейин “дүңкүлдөтө” бердим... Таамай ныгырып, каккылап... Ушул учурдагы Нуранын дем алганы, чылк сүзүлгөн көздөрү, онтогон доошу кайталангыс көркөмдүк эле. Чиймелеш үчүн улуу чеберчилик керек да... 

Нура менден күлүктүгүн көрсөттү, “маарага” бат эле жетип... Артынан бышылдап зорго кууп келдим... Үстүнөн тургум келбей, бекем кучактай оодарылган боюнча аны жамынып жаттым... 

Кыян Сары

Aryba.kg  

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер