Акыркы кабарлар
» Саясат » Айбек Жунушалиевдин шалаакылыгынан шаардагы автобустар талкаланып бүтмөй болду
Айбек Жунушалиевдин шалаакылыгынан шаардагы автобустар талкаланып бүтмөй болду
14-октябрь, 11:43

Бишкек мэриясындагы шалаакылык көрүнүштөн бир үзүм келтирели. Жаңы келген автобустар байма-бай аварияга кабылышууда. Талкалап аягына чыгышмай болду. Айдоочуларды алганда текшеришпей эле ким көрүнгөнгө миндире беришсе, аягындагы жыйынтыгы ушулбу? Катуу айдашат, жол эрежелерин билишпейт. Канча адамдын өмүрүнө коркунуч жаралууда? Автобус айдоочулардын айынан өтмөктөрдө тебеленип, өмүрү кыйылган адамдар да жок эмес. Арбып баратат. Айтор, мэр Айбек Жунушалиевдин тажрыйбасыздыгы, иш билбеген кесепетинен канча зыян келүүдө? Атайын комиссия ишмердигин карап чыгышы керек. Мэриянын баардык тармактарында шалаакылык орун алганын кантебиз?..
"Азия Ньюс" гезити