Акыркы кабарлар
» Саясат » Жээнбековдор алдыңкы үч-төрт жылда реванш алышы мүмкүн...
Жээнбековдор алдыңкы үч-төрт жылда реванш алышы мүмкүн...
16-октябрь, 14:38
1 004 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кескин курчуган саясый кырдаал президент Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетүүгө түрттү. Орой айтканда, мындан ары ал саясый аренедан сүрүлдү.
Бирок, саясый тагдыр жөнүндө бүтүм чыгарууга азырынча эрте. Ал жана анын иниси, депутат Асылбек Жээнбеков ээлик кылган "Биримдик" партиясы толук дискредитация боло элек.
Садыр Жапаров “шайлоодо партиялык система калат” дегенине караганда, жаңы шайлоодо береги партия дагы утуп чыгышы мүмкүн. Алдыңкы орунда келбесе да, 20-30 орун алат. Алгач оппозициялык блок катары туруп, кийин Жапаровдун өкмөтү алсызданган учурда кайра аны чаап салууга кызыкдар болуп калат.
Башкача айтканда, Жээнбековдор алдыңкы үч-төрт жылдын ичинде кайра реванш алышы мүмкүн...
Айдар Бакас