Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » А.Абдразаков кайтып келип, А.Токтоналевдин “өтүн” сыгып, өч алуу эстафетасы уланабы?

А.Абдразаков кайтып келип, А.Токтоналевдин “өтүн” сыгып, өч алуу эстафетасы уланабы?

05-сентябрь, 19:30
759 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бакиев доорунда “Пармаштын” көзгө басар баласы катары Айбек Абдразаков таанылып, МЕНТтер арасында авторитет болгону аңыз кепке айланган. Ал Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып, ортодон бутуна ок жеп, кол салууга тушугуп, 2010-жылдан кийин өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү. Бул жагынан милиция ичинде ар кандай версиялар айтылып келет. “Медет Садыркуловду өлтүрүп атканда Айбек Абдразаков жок болчу, Мелис Турганбаев эле өчөшүп, кылмыш иштерин козготуп, куугунтукка алган. Себеби, Мелисти тоготчу эмес, өчүн алды да...” дешсе, агездеги расмий орган аны айыптуу катары чечим чыгарган. Аныгында, так кесе чындыктын учу чыга элекпи? Кошумча фактылар, маалыматтар болсо, азыр да иликтениши керек. 

Айтмакчы, биздин токтоло турган дагы бир олуттуу жагдай бар. Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев убагында Айбек Абдразаковду ээрчип жүрүп адам катарына кошулганы, көп жакшылыгын көргөн. Анан заман алмашып, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликке келишкен соң, Мелис Турганбаев ИИМдин орун басары болуп, Азамат Токтоналиев нарындык жердеши катары жаңы команданын сүймөнчүгүнө айланат. Кызмат кылып. Ошондо А.Абдразаковдун артын казып, чоңдорго жакшы көрүнүү үчүн көп былыктарды чапташтырып, каралоого өткөнбү? Бир жагынан Зарылбек Рысалиев да дүңкүлдөп, камакка алууга ашыгып, билек түрүнүп жүргөнүн билебиз. Коомчулукка чыкпаган көп сырлар тар чөйрөдө кайнаганы, кыл жип менен буугандай иштер жасалганы образдуу сүрөттөлөт. Ошондо А.Абдразаковдун артынан А.Токтоналиев “бычак уруп”, устаты Мелис Турганбаевдин табасын кандырганбы? Андан ары кол салуу менен кошо кылмыш иштери козголуп, кыйын кырдаал жаралыптыр...

Кызыгы, жакынкы күндөрү Айбек Абдразаковдун кайтып келери болжонууда. Көп маселелер чечилип калдыбы? Ошондо Азамат Токтоналиевдин “өтүн” сыгып, өч алуу эстафетасы уланабы? Көрө жаталы. Бишкек ШИИБ начальнигинин артындагы көп кыңыр иштери чыкчудай. Элибиз зерикпейт экен да...

Баса, “Пармаш” каймана атындагы Бакыт Парманкулов да убагында кыйла каралоого кабылып, камалып да чыккан. Бирок анын адам өлтүрбөгөнүн, мыйзамсыз иштерге барбаганын убакыт, тарых таразалап атат го? Ал эми Айбек Абдразаковдун баскан изи бизге толук кандуу белгилүү эмес. Бир беткей баа берүүдөн азырынча алыспыз. Эгерде күнөөсү болсо, жоопкерчиликке тартылышы керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер