ИИМ орун басары Абдиевдин шагын сындырган Өскөнбаев эч кимди көзгө илбейби?
Ар бир системада Конокко окшогон “кокуйлар” бар тура... Эмесе, маселе маңызы түшүнүктүү болушу үчүн кепти башынан баштайлы. Кашкар Жунушалиев министр кезинде “Азия Ньюс” гезити айыптарын алып чыгып, ачык күрөшүп, кыргыз элине кыянат жасай турганын шардана кылган. Биз жазгандай эле Октябрь төңкөрүшүндө Кашкар Жунушалиев элге ок аттырып, Үмүттүн жанын алып, канчалаган жарандарыбызды жарадар кылып салды. Өзү өздүк курамды таштап, качып кетти.
Ошентип, Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда Кашкар Жунушалиевдин кыянатчыл, кашаң ишмердиги боюнча соттошуп атсак, ортодон Конок Өскөнбаев кыпчылып, же муну “айдактап” койгонбу, айтор, граждандык тартипте үстүбүздөн арыз жазган. Биз карапайым кызматкерлердин таламын талашып, бул эргулдун ишин сындаганбыз. Учурда Конок Өскөнбаев ИИМдин ички иликтөө башкармалыгынын начальниги. Милиция кызматкерлерине үлгү көрсөтүп, аларды көзөмөлдөй турган орган. Тилекке каршы, бул полковник тескери кетип, гезит менен бир жылдан бери соттошууда. Мамлекеттик кызматкер сөз сүрүштүрүп, сотто жакалашып жүрбөй, иши менен өзүн көрсөтүш керек да.
Аз күн мурун ИИМ орун басары Нурбек Абдиев ортого түшүп, Конок Өскөнбаевди тынчтык келишимине чакырып, “Азия Ньюска” жазган арызын алып коюуну айтса, кежирленип укпай коюптур. Жетекчиликке баш ийбеген “чунак” да болобу? Эми Нурбек Абдиев деле соттошуунун перспективасы жок экенин, акыры чындык кайсы тараптан орун аларын түшүнүп атса керек. Ага болбой эле Конок Өскөнбаев кежирлене берсе, эмне дейбиз? “Бүкүрдү көр түзөйт” дечү беле?
Кыскасы, Конок Өскөнбаев мындай жүрүшү менен бүтүндөй ИИМ системасына көлөкө түшүрүп, пенсияга жетпей ашмалтайы чыгып калбайбы? Ошон үчүн күрөшө турган убак келди...
“Азия Ньюс” гезити