Акыркы кабарлар
» Саясат » Көмүскөдөгү казинолор дагы эле иштеп атса, мыйзамдуусуна жол жокпу?
Көмүскөдөгү казинолор дагы эле иштеп атса, мыйзамдуусуна жол жокпу?
22-ноябрь, 18:35
182 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кызык жагдай. Казино ачууга, иштетүүгө шашылыш түрдө уруксат берилгенин баарыбыз билебиз. Эң кирешелүү бизнес экенин жар салышып, бай туристтер агыларын айгай сала айтышкан. А эмнеге жарым жылдан бери кыймылдашпайт? Айрым маалыматтар боюнча, мурдагыдай эле көмүскөдөгү казинолор иштеп атканы, эски схемалар бузулбаганы каңкууланууда. Бул жааттан күч органдарына түз буйрук берилсе, мындайча айтканда, жапырт тазалоо ишарасы акыйкаттыкта аткарылса, маселе чечилет беле? Мыйзамды мык каккандай кадап коюуга саясый эрк керек. Ошондо гана көмүскөдөгү кумарканалар кан буугандай токтоп, баары айдан ачык болмок да. Же кимдир бирөөнүн “жең ичинен ойногон” кызыкчылыгы барбы?
"Азия Ньюс" гезити