Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Назира Айтбекова: “Үйдүн ичин оокатка толтурууга кызыкпайм деле”
Назира Айтбекова: “Үйдүн ичин оокатка толтурууга кызыкпайм деле”
22-июнь, 11:39
496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Тойлор токтоду. Шоу бизнес өкүлдөрү эмне менен алектенүүдө?
-- Менин акча тапчу булагым той болгон эмес. Жарнама, Инстаграм баракчадан, интернеттеги каналыман каражат таап иштеп атам. Балам экөөбүзгө азык-түлүк, майда керектөөлөргө эле каражат кетет. Акчага муктаждык деле туулбайт. Себеби, өмүрүмдө насыя, ипотека алып көргөн эмесмин. “Токтоп калды” деп санаа тарткыдай ишкерлик деле кылган эмесмин. Андыктан, санаа тартпай, жыргап эле жатам. Мода кубалабайм, “кымбат кийим же унаа алам, үйдүн ичин оокатка толтуруш керек” деген санаа менен жашабайм. Балам экөөбүздүн алакандай курсагыбыз тойсо эле болду.
"Азия Ньюс" гезити