200дөн ашуун обон жараткан Кыдык Усупбаев


Көңүл толкуйт көркөмүңдү көргөндө,
Керметтүү кучагыңда жүргөндө.
Көз алдыма аппак тоолор тартылат,
Алыс жүрүп сага көңүл бөлгөндө.
Ээ-э-й ойду эргитет,
Оо-о-й көңүл сергитет,
Алыс жүрүп сага көңүл бөлгөндө.
Шыктанамын минип кыял кемесин,
Чалкып жаткан кандай укмуш немесиң.
Карааныңдан кагылайын Ала-Тоом,
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң, - деген ырды билбеген киши жоктур. Биз дагы ырдап чоңойдук.
Бүгүн ушундай улуттук колоритте жазылган, элге сиңип, жүрөктөрдөн орун алган көптөгөн ырлардын автору, обончу, композитор, Кыргызстан композиторлор союзунун ардактуу мүчөсү, хор дирижеру Кыдыкбек Усупбаев агай менен баарлашып калдык.
Суроо деле узатпадым, тек гана агайдын сөзүн тыңшап отурдум. Ырдын сөзүнө ушунчалык маани берет экен, дептерлерге көчүрүп жазып, жаккан саптардын астын сызып алыптыр. “Бул тигил акындын, бул түкүнчө акындын ыры, өзгөчөлүгү мында” деп айтып отурду. Дээрлик кырк жылдан ашуун убактысын ушул чыгармачылыкка гана арнап, дүнүйө-мүлк жыйбай, катар-катар үйлөрдү салбай, кадимки чыгармачыл адамдар сыяктуу жазган жакшы обондоруна сүйүнүп жашаганын көрдүм. Жулунуп-жулкунбаган ушул касиетин сыйлап калдым. Дагы бир артыкчылыгы – чоңдор үчүн гана ыр жазбастан, балдарга да көңүл буруп, алар менен иштешет экен.
“Тоодон топ түштү,
Буту-колу жок түштү” деп эптеп балага ылайык деп суна койбой, канткенде жакшы сөз үйрөтөм, канткенде жандүйнөсүнө жол табам дейт. Жанагы чийип алган сөздөрүн балдарга бир күнү эринбей түшүндүрөрүн, анан ырдатарын айтып отурду.
Аз сүйлөп көп иштеген агайдын эл-жерге арналган 200дөн ашуун обондору бар. Ырларынын көбү мекенге, туулган жерге, жаратылыш сулуулугуна арналган. Себеби, туулган айылы айтылуу Барскоон экен. Барскоондун сулуулугу керемет экенин билебиз да, эгин талаасы чалкыган, көлү шарпылдай айланасын тоолор курчаган. Андай жерде туулган кишинин жандүйнөсү акын, сүрөтчү, ырчы болмогу бар. Көкүрөгү көздүү болуп, сулуулукту көрө алат...
Жети-Өгүз сендей жер кайда,
Жел ойноп тоонун боорунда...
Аскалар анда ай тиреп,
Айланып барчын конууга.
Көгөргөн шибер Көк-Жайык,
Көйкөлүп жатат ордунда.
Бабалардан калган жер,
Бакыт оттой жанган жер!..
Эмне деген ыр! Көз алдыга кыргыздын кылым карыткан улуу көчү элестейт...
Дээрлик 40 жылдан ашуун чыгармачылык менен алпурушуп, кыргыз маданиятына опол тоодой эмгек сиңирген агайга мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
Динара Бейшеналиева
"Азия Ньюс" гезити











