Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атасын сабаган адамды өлтүргөн жигит үч жылга кесилди

Атасын сабаган адамды өлтүргөн жигит үч жылга кесилди

30-ноябрь, 11:24
970 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 29 жаштагы киши айылдашын көчөдө мылтык менен атып өлтүрүп, үч жылга соттолду. 

Бул каргаша окуя Чүй облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда 29 жаштагы айыпталуучу арак алып берүүсүн талап кылган таанышы менен көчөдө уруша кетип, мас болгон жабырлануучудан таяк жеп калган. Андан соң үйүнө кирип, сейфте турган ок атуучу куралды алып чыгып бир нече жолу атып жиберген.

Ал сотко берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, окуянын чоо-жайын айтып берди:

"Айылдашым мени урганда мурдум канап кеткендиктен үйгө кирип бетимди жууп чыксам, тиги киши атамды сабап жаткан экен. Ачууланып үйдө сейфте турган мылтыкты кантип алып чыгып, ок чыгарганымды билбей калдым. Адам өлтүрөйүн деген оюм жок болчу, окуя кандайча болуп кеткенин аңдабай калыптырмын", — деп көрсөтмө берген.

Сот кошунасытүргөн 29 жаштагы жигитти үч жылга эркинен ажыратып, жатак абагына кести.

Aryba.kg
 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер