Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Москвада мушташка катышкан кыргыз жана тажик жарандары Россиядан чыгарылат

Москвада мушташка катышкан кыргыз жана тажик жарандары Россиядан чыгарылат

15-июль, 13:35
4 345 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москванын «Кузьминки» метро станциясынын жанындагы калайман мушташка катышкан мигранттар Россиядан чыгарылат. Бул тууралуу Москва шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

«Мушташка катышкан чет өлкөлүк жарандар Россиянын аймагынан күчтөп чыгарылат. Ошондой эле аларга административдик айып пул салынып, айрымдарын өлкөгө кайра киргизбөө тууралуу чечим кабыл алынат» деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Жалпысынан полиция мушташка катышкан деп 103 кишини кармаган. Аларга карата «Чет өлкөлүк жарандардын Россияда жүрүү эрежелерин бузуу» жана «Майда бейбаштык» беренелери боюнча протоколдор түзүлгөн.

Орус медиасы 11-июлдагы калайман мушташта Кыргызстандын эки жараны бычакталганын жазган. Буга байланыштуу топтолгон кыргызстандыктар менен тажикстандыктарды полиция кууп таркатканын, жыйынтыгында 100дөй киши кармалганын билдирген.

Социалдык тармактарда адамдарды кармоо учуру тартылган видеолор тараган. Мындан тышкары, тажиктерден бычак жеген кыргызстандыктын сүрөтү да жарыяланган. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер