Каныбек Осмоналиев, профессор: “Таланттуу мугалимдерди ар кандай шылтоо менен куугунтукка албайлы”
-- Каныбек агай, министрлер кабинети “мугалимдер нерв оорулары, тубаса кемтиктер, талма (эпилепсия), гипертония, аракечтик, баңгилик, өнөкөт гепатиттер, кургак учуктун ачык формалары, боор, бөйрөк, ревматизм, дагы башка илдеттер менен жабыркаса, агартуучу боло албайт” деген мааниде токтомду талкууга койду. Ошондой эле кандайдыр бир кылмыш ишине катышса, сотто акталганына карабай мугалимдик кесиптен ажырайт экен. Мына ушундай чектөөлөрдү киргизсек эле коопсуз билим берүү чөйрөсү түзүлүп калабы? Же тескерисинче, чындыкты айткан мугалимдер ооздукталууга ыкмабы?
-- Кийинки учурларда өлкөбүздөгү билим берүү жана илим саясатынын абалына көп ойлонуп, кыжалатчылыгым күчөп жүргөн кезим. Азыркы замандын чакырыктары негизинен билим берүүнүн сапатына катуу талаптарды коюуга багытталып келет. Ал үчүн келечегин ойлогон мамлекет окутуунун баардык шартын камсыздоого жанталашып, аракеттерди көрүп отурган чагы. Тилекке жараша, биздин президент Садыр Нургожоевич дагы бул абалды адекваттуу түшүнүп, мектепке максаттуу көңүл буруп, анын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча алгылыктуу жумуштарды жасап койду. Эми билим берүү жана илим министрлиги күндөп-түндөп жаратмандык иштер менен гана алек болуусу абзел. Биринчи орунга билим берүү процессинин жападан-жалгыз субъекттери (оюнчулары) болгон мугалим менен окуучу гана чыгышы керек. Ал экөөнү тейлеген мамлекеттик чиновниктер эч убакта өздөрүнүн кызыкчылыгына багытталган псевдодемилгелер менен коомчулуктун башын айлантууга акысы жок. Мен кечээки чечимди таңгалуу менен кабыл алдым. Тагыраагы, жүрөгүм кабылдабады. Э айланайын, ушул дарт ооруларынын тизмегин түзүп алып, анан андан жыйынтык чыгаруу укугу кимге берилет? Мектептин директору менен завучтарынабы? Же заврайОНО, горОНОгобу? А балким министр өзү орун басарлары менен диагноз коюп, чечим чыгарып жүрбөсүн? Тээ илгертен бери эле ар бир мугалим өздүк санитардык китепчеси менен эле окуу жылынын башында ден соолугунун абалын тастыктап алып, анан сабак берүүгө, тарбиялык иштерди жүргүзүүгө киришип кете берчү эле го? Мектеп башчыларынын мугалимдин ден соолугун текшерип, аны кысымга алууга эч кандай укугу болбош керек! Ансыз деле эгемендүүлүк жылдарынан бери катардагы агартуучунун социалдык абалы кандай гана аянычтуу болуп келгенин көрүп эле жүрөбүз го. Эреже катары окутууга ынтызарланган, таланттуу мугалимдер ар кандай шылтоолор менен куугунтукталып келе жатканы жалганбы? Эми “сен оорукчансың” деп туруп биротоло эле тартиптүү мугалимдерди "тап катары" жоюп жиберишпесе болгону! Министрлер кабинетин дагы ыңгайсыз абалга кептелтип койгон ким болду экен? Мен ушуга таңмын!
Мугалимдер менен мектептерди толук камсыз кылуу азыр абдан курч турат. Мектеп окуучуларынын саны жылдап көбөйүп жаткан кези. Анан ушул демографиялык реалдуулукту утурлап саясат жүргүзүүнүн ордуна биздин чиновниктер эмне менен алек болуп жатышат? Аман эле болушсун!
"Азия Ньюс" гезити