Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каза болгон жубайыма окшош айым жүрөгүмдү оорутту...

Каза болгон жубайыма окшош айым жүрөгүмдү оорутту...

07-февраль, 23:09
1 641 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жубайым экөөбүз мектептен эле кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Бактылуу күндөр өттү. Катар-катары менен эки уул төрөп берди. Төркүнүнө бир жакшылык тойго кетип, келе жатканда автокырсыкка учурап, бизди таштап кетти. Энесине жакын эки уулума абдан жаман болду. Колумдан келген аракетимди көрүп, кор кылбоого өзүмө өзүм сөз бердим. Жылдар өтүп жатты. Уулдарыма акыл-эс кирип, жетилип келишет. Экөө тең зээндүү. Ичимди жылытышат. Азыр уулдарым өздөрү “бизге апа керек, үйлөнбөйсүзбү?” деп суранышчу болду. 

Дүкөнгө кире калып, дал болуп калдым. Аселиме (жубайыма) куюп койгондой окшош келин турат. Соода кылып жатыптыр. Менин көз албай тиктегенимди жактырбай, тез-тез соода кылып, чыгып кетти. Дүкөнчү кошунабыз ушул тегерекке батирлеп көчүп келген жалгыз бой келин экенин суратпай айтып берди. Ушул күндөн баштап менин жашоомо бүлүк түштү. Күнүгө жаңы кошунанын караанын издечү болдум. 

Менин абалым менен тааныш дүкөнчү ортого түшүп, экөөбүзгө ортомчу болду. “Үйү кулайын деген, өзү курулушта жүргөн байкуш экен. Мага сөз айттыргандан уялбайбы!” деп дагы бир топ сөз айтыптыр. “Мындай аялдан көрө бойдок жүргөнүм артык” деп дагы бир жашоо сыноосунан өтүп отурам... 


Айдар

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер