Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Тажикстан менен чек ара маселеси кооптонуу жаратууда, биздин куралдуу күчтөр даяр турушу керек”

“Тажикстан менен чек ара маселеси кооптонуу жаратууда, биздин куралдуу күчтөр даяр турушу керек”

25-сентябрь, 19:30
582 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Тажикстан менен мындан аркы алака кандай өнүгүшү мүмкүн? Чек ара маселесин чыр-чатаксыз чече алабызбы?” деген собол узаттык.

Сатыбек Моодалиев, Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, отставкадагы полковник:

-- Тажикстан менен биздин чек ара абдан кооптуу. Себептери көп. Эң биринчиси, Эмомали Рахмондун бийликте көптөн бери отурушу. Бу киши бийликтен кетери менен жоон топ оркойгон иштер көрүнүп калары шек жаратпайт. Биз билебиз, союз мезгилинде Кыргызстандын көптөгөн жерлери Тажикстанга өтүп кеткен. Учурда эки өлкөнүн чек ара маселесин тийешелүү деңгээлде чечүү азырынча болбой тургансыйт. Тажик бийлигиндегилер андайга азыр даяр эмес. Аларда биздигидей демократиялык баалуулуктар жок. Андыктан, эки өлкөнүн чек ара маселеси тынч чечилет дегенден алысмын. Кандай болгон күндө биздин армия, куралдуу күчтөр баарына даяр болуусу керек. Агрессия жок эмес. Себеби, алардын аскердик күчтөрү чек арага жакын жайгашкан. “Афганистандагы тажиктер кирип атат” деген шылтоону Рахмон дүйнө жүзүнө байма-бай айтып келүүдө. Чынында андай эмес, афган тажиктери анчалык күчтүү курал-жарактар менен камсыз болбогонун элдин баары билет. Бүгүнкү күндө тажик бийлиги ушуну гана бетине жаап, кооптуу абалды кармап турушат.

Артур Медетбеков, коомдук ишмер, генерал:

-- Негизинен Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара маселелери абдан татаал, орчундуу, эки мамлекетке катуу тирешүүлөрдү пайда кылган маселе болуп калды. Эгер тарыхка карай турган болсок, 1924-1926-жылдардагы карталардын ошол убактагы чечимдердин негизинде өзгөчө Баткен облусундагы кээ бир айыл-кыштактар, жер тилкелери биз жакта болгон, ал жакта болгон. Мына ошонун негизинде тажик бийлиги бизге көрсөтүп, “чек ара маселесин чечебиз” деп  атышат. Эске сала турган болсок, ал кезде Тажик Республикасынын курамы  Өзбекстанга карачу. Кийин гана өз алдынча бөлүнгөн. Бирок, 1955-жылкы карталарда, келишимдерде, протоколдордо азыркы Тажикстандын көптөгөн территориясы Кыргызстанга караган. Экинчиден, 1993-жылы Будапештте чоң кеңеш болгон. СССРдин курамындагы баардык республикалар өз алдынча болгон кезде ошол жерден чогулуп, “эми союз таркады, бири-бирибизге территория жагынан доомат кылбайлы. Мурдагы административдик аймактар мамлекеттик чек ара болуп калсын” деген келишимге келишкен. Кийин Алматы шарында чек аралар боюнча декларацияга кол коюшкан. Тилекке каршы, акыркы кезде коңшу өлкөнүн бийлик башындагылар Баткен облусундагы айрым жерлерге дооматтарын артып, чоң саясат уюштуруп, анын арты менен агрессиялык жаңжалдарга жол берип, биздин жерлерди басып алгандары баарыбызга белгилүү. 2014-2015-жылдары тажиктерден 7 киши каза болуп, бир нечеси жарадар болушкан. Бизден да катуу жаракат алгандар болгон. 2021-жылы биздин жерге агрессивдүү кирип келишип, 36 адам каза болуп, бир топ административдик мекемелер кыйрап, мал-жандыктарды айдап кетишип, үйлөрдү өрттөшүп, май куюучу жайлар жараксыз калган. 2022-жылы күз айларында дагы жаңжал чыгып, жарандардан түзүлгөн отряддары биздин бир топ айылдарга кирип келип, үйлөрдү өрттөп, натыйжада эки тараптын атышуусунда биздин 63 адам (анын 52си офицерлер, солдаттар) каза болгон. Мындан да жыйынтык чыкпай, азыркы кезге чейин каршы пикирлер байма-бай айтылууда. Ошого карабастан биргелешкен комиссия курамдары иштеп атат. Азыркыга чейин талаш-тартыштар жок эмес. 100 километрге чейинкисин сүрөттөмө кылып коюшту. Бул нерсенин аягы так ачыктала элек. Негизинен эки коңшу өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси демаркация, делимитация болуп толугу менен аныкталганга чейин, кадимкидей мамыча орнотулуп, зымдары тартылмайын, дипломатиялык жол менен тынчтык келишимге келмейинче эки өлкөнүн ортосундагы чек арада кооптуу жагдай сакталып кала берет...     


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер