Пенсиялык саясатты өзгөртүүнүн жол-жобосу даярдалып жатат
Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитети 21-февралдагы жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоорду экинчи окууда карады. Анда социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматева документти кароону кийинкиге калтыруу тууралуу өтүнүч келтирди жана муну пенсиялык саясатты өзгөртүүнүн жол-жобосу даярдалып жатканы менен түшүндүрдү.
"Биз финансы министрлиги менен карап чыктык. Категориялык принциптерден артка кайтып, бардык пенсионерлердин стажына, кошкон салымына жараша мындан ары пенсиялык саясат жүргүзсөк деген ойдобуз. Механизмдерин иштеп чыгабыз, бул жай айларына чейин созулат, анткени баарын дыкат карап чыгышыбыз керек болуп жатат. Финансы министрлиги менен бир чечимге келгенден кийин ушул мыйзамды карасак".