Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров, ЖК депутаты: “Туризм багытында жеке ишкерлерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берели”

Элдар Абакиров, ЖК депутаты: “Туризм багытында жеке ишкерлерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берели”

29-июнь, 11:31
436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Элдар мырза, мына азыр туристтик сезон күч алган маал. Сырттан келген эс алуучулардын агымын көбөйтүү үчүн кандай чаралар зарыл деп ойлойсуз?

-- Эң биринчи бул – коопсуздук. Туристтердин тынчтыгын камсыздоо зарыл. Ал жагынан Кыргызстан Кудайга шүгүр эле. Экинчиси – инфраструктура. Дааратканалар, жолдордун түздүгү, коомдук транспорт, отелдердин стандарттарга жооп бериши. Буга аэропорттун ыңгайлуулугу, сервис, персоналдын дүйнөлүк деңгээлде тейлей алганы да кирет. Ал эми табигат жагынан өлкөбүз Кудайга шүгүр эле. Алла Таала кооздукту ченебей берип койгон. 

-- “Туризмди өнүктүрүүгө жеке ишкерлерди көбүрөөк тартуу керек деген пикирге кандай карайсыз?

-Албетте, мамлекет чарбалык ишти жеке ишкердей кыла албайт. Муну дүйнөлүк тажрыйба деле, өзүбүздөгү мисалдар да далилдеп турат. Жеке ишкерлерге мүмкүнчүлүк берүү керек. Арасында рейтинг, жарыш сыяктуу жүргүзүп, багыт көрсөтсө эле жеке ишкер акча табыш үчүн баарын кылганга даяр болот. Оңдойт, түзөйт. Мамлекет болсо жогоруда айткандай, инфратүзүмдү камсыздап берүүсү шарт

-Экология жагы кандай болот?

-Ар кандай ишти: өндүрүшпү, же жөнөкөй эле мейманкана салганда болобу, экологияны бузбоого аракет жасоо зарыл. Агынды суулар тазаланып, таштанды көчөдө калбашы керек. Экологияны карабасак, ал жер эртең уулуу жерге айланып калышы мүмкүн.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер