Алыкул Осмоновдун жазаланган “махабаты”
(Башы өткөн сандарда)
Алыкул акын мындай "жекечилдиги", "робинзончулугу” үчүн ал кезде сынга кабылбай койбойт эле. Айтмакчы, ошо кезде биздин адабиятта официалдуу мамлекеттик көз караштын элпек функциясына айланган калемгерлер жана сынчылар жетишерлик болгон. Маселен, сынчылар П.Балтин, Г.Нуров, Ж.Самагановдор мындай деп жазышат: "Жолдош Т.Саманчиндин пикиринде, жазуучунун чыгармасы патриоттук мааниде болбосо деле мыкты чыгарма аталат имиш. Мындай деп айтышы барып турган антипатриоттук пикир болбогондо эмне?! Демек, Саманчин ВКП(б) БКнын советтик адабиятта элдин, мамлекеттин таламдарынан башка таламдар жок жана болушу мүмкүн эмес деген көрсөтмөсүнө каршы чыгып отурат" (Кызыл Кыргызстан, 10-апрель, 1949-жыл). Бу жарыкчылыктагы көрпенденин субъективдүү дүйнөсүнүн жан сырларын ырга салган Алыкул Осмоновдун 1945-жылы чыккан жана поэзияда бурулуш жазаган "Махабат" ырлар жыйнагы да ушундай түз сызыктуу, догматикалык "мамлекеттик көз караштын" позициясынан сынга алынган. Мидин Алыбаев "Махабатка” 1946-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитине "Мааниси жок "махабат" аттуу сын макаланы жарыялап, Алыкул Осмоновго төмөндөгүчө "сокку" урган: “Биз дүйнөнү, турмушту шаңдуу эмгек менен апачык эле багынтып алдык. Aлыкул Осмонов болсо "Алдың кызык, артын өкүнүч дүнүйө" деп каңырыгын түтөтүп, жоолугун колуна алып, көз жашын сүртүп ыйлайт. Биздин советтик акындар, жазуучулар бака-шака түшкөн бактылуу шайыр элдин арасында кайнаган эмгекте кошо иштешип, эл менен кошо күлүшүп, кошо каткырышып, ошол элдин ишин, баатырдыгын жана тиричилигин жазып көрсөтүшөт. Ал эми Алыкул Осмонов пальтосунун жакасын жогору кайрып чүмкөнүп, суунун жээгине ээн уңкуюп отуруп алып, капкаятагы биздин окуучулардын кулагынын кырынан кете турган ырларды жазат:
Эң акыркы ажырашуу элеси,
Өз баламдан ысыгыраак көрүнөт.
Кетти-кетти жибек боосун чече албайм,
Кечкен сууну кайра экинчи кече албайм.
Ушундай ырлар биздин советтик окуучулардын кулагына кантип жылуу учурасын? Биздин карыяларды кайра жашарткан ушул сталиндик жыргал заманыбызда мындай асан кайгыга берилип отуруу жакшы жорук эмес". Мынакей, тоталитардык идеология жараткан "сынчыл" аң-сезимдин кашкайган үлгүсү. Кеп бул жерде макаланы М.Алыбаевдин жазгандыгында деле эмес. Кеп тоталитаризмдин алкагында калыптанган ой жүгүртүүнүн белгилүү бир тибинде жатат.
Алыкулду Алыкул кылган “Жеңишбек”, “Майдын түнү”, “Махабат”, “Мүнөз оюну”, “Ким болду экен?” сыяктуу поэмаларын, “Бөбөккө”, Сулууга”, “Музыка”, “Отуз жаш”, “Аялга” өңдүү көптөгөн идеялык-философиялык, сүйүү лирикаларын камтыган новатордук “Махабат” жыйнагынын жаңылыгы ушундай адилетсиз сынга кабылган.
Мидин Алыбаев Алыкул өлгөндөн кийин "Махабаттын" көркөм ачылышына түшүнүп, аты аталган макаланы жазганына өкүнүп, Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүндө көз жашын төгүп ыйлаган экен. (Бул жөнүндө караңыз: П.Казыбаев, “Мезгил жана Алыкул”, - Бишкек, 2024). Көркөм чыгармага адабий, саясый догмалар менен караган адаттан көркөм интеллигенциянын бир катар өкүлдөрү, айрыкча адабияттын алгачкы "карлыгачтары" көпкө чейин арыла албады. 50-жылдардын экинчи жарымында жана 60-жылдарда адабиятыбызга атак-даңк алып келген Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повести менен Узакбай Абдукановдун "Майдан" реалисттик романы Жазуучулар союзунда кандайча "төөбастыга" алынганын эске түшүрөлү.
Кулап түшкөн идеалдар жана Алыкул Осмонов
Биз коммунизмге ушунчалык ишенген элек. "Ленин жолу түбөлүккө чептелген" (Ж.Турусбеков) "Лениндин идеясы – ал түбөлүк, чеги жок". "Жаш күчүмдү табым үчүн жумшасам, арманым жок табым үчүн өлгөнүм” (А.Токомбаев) деп ырдап жашап келбедик беле! Бир чети кыргыз элинин, анын акындарынын ленинчилдигинин, пролетарчылдыгынын, компартиячылдыгынын тереңде жаткан себептери бар экендигин да кыстарып айта өтөлү. Падышачылык колониализмден, геноцидден, 1916-жылкы үркүндөн кийинки ачарчылыктан, туташ сабатсыздыктан, туңгуюкка кептелген тагдырдан арачалап калган Октябрь революциясына ак калпак калктын алкышы чоң болчу. “Эркиндик, теңдик, кедейлерге нан, жер дегенди укканда, кудум гиганттык шлюздар ачылып кеткендей алкоо, сүйүү сезимдери сел болуп жайнап кетти” (Ч.Айтматов). Кийинчерээк эл арасындагы тыңчыкмалар “контреволюциячыл”, “пантюркист”, “тап душманы”, “жат элемент”, “чет өлкөнүн агенти”, “басмачы” делип куугунтукталып, камалып, атылып жатса да, баары бир кыргыз эли Октябрь революциясына, социализмге, компартияга болгон сүйүүсүнөн жанган эмес. Элдин атынан Ж.Бөкөнбаев менен Ж.Турусбековдун биргелешип компартия жөнүндө төмөнкүдөй ырды жазгандары бекеринен эместир:
Өмүрүмсүң, күнүмсүн,
Күндө тууган гүлүмсүн.
Жылдызымсың, шамымсың,
Жүрөгүмсүң, жанымсың.
Кайратымсың, күчүмсүң,
Чырагымсың, жүзүмсүң.
Атып турган таңымсың,
Жүрүп турган канымсың.
Ай-жылдыздай көрүнгөн,
Ардагымсың, шаңымсың.
Бир сөз менен айтканда, кыргыз элинин совет бийлигине берилгендигинин өзүнчө социалдык-психологиялык тамыры бар. Бул жөнүндө кеңири кеп кылуу политологдордун, социологдордун иши. Биз келаткан нугубуз менен сөзүбүздү уланталы. В.Шекспирдин “О, досум Горацио, бул дүйнөдө түшкө кирбеген иштер болот" деген сөзү чын экен. Ойдо жок жерден Ленин атанын жолу жоюлуп, СССР кулады. Компартиянын доору бүттү. “Бектер кетип, эл калат" дегендей, Алыкул Осмоновдун түбөлүктүүлүктү ырдаган поэзиясы жашап кала берди. "Тээ асманда пегас минип Алыкул, күн нурундай жарык чачып калыптыр" (Субайылда Абдыкадырова). Алыкул акындын инсанчыл поэзиясы бүгүн адам укугун жана эркиндигин кастарлаган демократиялык коомду курууга белсенип киришкен Кыргызстандын рухий тиректеринин бири. Акындын "Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү, буудан болуп таскак салып өтөрмүн..." деп өз келечегине көрөгөчтүк кылганы чын болуп чыкты.
Советбек Байгазиев
"Азия Ньюс" гезити