Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарынбек Молдобаев: “1937-жылдагы репрессияны эстешип, кооптонгондор аз эмес”

Нарынбек Молдобаев: “1937-жылдагы репрессияны эстешип, кооптонгондор аз эмес”

11-декабрь, 23:39
2 473 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Конституциялык реформаларга оң жана терс көз караштар болууда. Себеби эмнеде?

-- 30 жылдан бери өлкөнүн экономикасы көтөрүлбөй, башка өлкөлөргө окшоп өсүп-өнүгүп кеткен жокпуз. Биз жөн эле бир орунда токтоп калгандай болуп атабыз. Ошондон улам конституциялык реформа болсо эле оңолуп кетебиз деген акыркы ишеним көп болууда. Ал эми ага партия лидерлери, айрым саясатчылар эле каршы деп айткандан алысмын. Байкашымча, көп эле адамдар каршы. Анткени президенттик башкаруу формасына кайтсак, бийлик бир эле кишинин колунда болуп калуу коркунучу бар. Анда 1937-жылдагыдай репрессиялар болуп калабы (?) деп кооптонгондор да аз эмес. 

-- Кыргызстан үчүн башкаруунун кайсы формасы ылайыктуу?

-- Азырынча карапайым эл башкаруунун кайсы системасы жакшы болорун түшүнбөй турат. Күчтүү башкаруучу келип, таза иштеп берерин күтүүдө. Негизи биздин эл эркиндикти сүйөт. Эл башынан эле бир кишинин башкаруусуна каршы чыгып келген. Кандай башкаруу формасы болбосун, калк үчүн кызмат кылып, мыйзамдар так сакталса өнүгүү болот.

-- Башмыйзамды өзгөртүү, анын ичинде президенттик башкарууга кайтууга коңшу өлкөлөр кандай карайт?

-- Биздин өлкөнү буга чейин демократиянын аралы деп сыпаттап келишкен. Бирок, бул сыпаттоо коңшу өлкөлөргө эч качан жаккан эмес. Анткени кошуналар Кыргызстандагы эркиндик аларга да барышын каалабайт. Биздеги төңкөрүштөр Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкө башчыларынын кыжырына тийүүдө. Ошондуктан, алар азыркы конституциялык реформага түз көз карашта.

Буга кошумча, күчтүү президенти бар өлкөлөрдө чоң экономикалык кадамдар жасалып жатат. Буларга кайрадан эле Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү мисал. Ал эми бизде демократия деген менен дээрлик инвесторлор жокко эсе. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер