Узакка созулган жаштыктын сыры эмнеде?
Айрым адамдар паспорттогу курагына караганда алда канча жаш көрүнүшөт, кээ бирөөлөр тескерисинче, эрте картайып кетишет. Көрсө, кептин баары адамдын организмине жараша болот экен. Кай бир адамдардын организминде антиоксидант кычкылдануу процессин жайлатат.
Так ушул кычкылдануу процессинин натыйжасында териде бырыштар пайда боло баштайт. Тилекке каршы, баардык эле адамдарда антиоксиданттар боло бербейт сыяктуу. Ал эми кычкылдануу процессин жайлатуу үчүн авокадо, жаңгак жана жашылчалар жардам берет. Кайгы-капага батуу, күн нуру, ультрасыя нурлардын таасири жана айтып өткөндөй, организмдеги кычкылдануу процессинин күчөшү – бырыштардын эрте түшүшүнө, теринин чоюлчаактыгынын жоголушуна алып келет.
***
Балык майы жана омега-3 майы булчуңдардын иштешин жакшыртып, нерв системасына жагымдуу таасир тийгизип, жүрөктүн иштешин жөнгө салат.
***
Брокколи, түстүү капустада клетчатка жана антиоксидант арбын болгондуктан аны көп жеш керек. Онко ооруларын азайтуу үчүн адистер брокколи жана капустаны көп жеш керектигин айтышат.
***
Баарыбыз эле кара шоколаддын пайдалуулугун билебиз. Мындай шоколад 85% какао данегинен жасалышы керек. Анда магний заты жана пайдалуу витаминдер бар. Мындай шоколаддын пайдалуулугу – адамдын нервин тынчтандырып, антиоксиданты күчөтөт. Башкысы, аны сүттөн жасалган күрөң шоколад менен алмаштырып албаш керек.
"Азия Ньюс" гезити