Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайнагам күйөөмдү ээрчитип кетип, кыздарга тааныштыра берет

Кайнагам күйөөмдү ээрчитип кетип, кыздарга тааныштыра берет

19-июнь, 14:50
1 300 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөсүнө барарын же ажырашарын билбей отурган бул келиндин каты "Мезгил агымы" тайпасына келген. 

Турмуш курганыбызга 3,5 жыл болду. Экөөбүз тең 25 жаштабыз.
 
Улуу балам 1,5 жашта, кичүүсү 6 айлык. Таарынышып жүргөнүбүзгө 2 ай болду. Улуу балам күйөөмдө, кичүүсү өзүмдө. Закондуу түрдө ажыраша элекпиз. Жолдошум айылдагы үйгө бирөөнү алып келиптир, кайненем үйлөнгөнгө уруксат берип, колдойт экен. Мен угуп калып, тиги кызга ызы чуу салдым эле, үйлөнбөй калышты. Үйдө күйөөмдөн улуу кайнагам бар, ар дайым жолдошумду бузуп, жүрү тиги жакка, бу жакка деп кыздарга алпарып, тааныштыра берет. Үйлөнбөй калгандан кийин мени алып кетүүгө келди. Мен эмне кылышты билбей, барбай отурам, казан-аяк кагышат, кетип калган жалгыз мен эмесмин да, бир аз оңолсун, убакыт берип ойлонсомбу (?) десем, 2 ай өтпөй үйлөнгөнү жаткан эркектен үмүт кыламбы? Балдарды ойлобогон кайненемден эмнени күтсө болот?
 Таяк жеп, жөнү жок көр жемеге чыдоо кыйын экен. Өзүмө карап барбай койсом
, балдарым атасыз калат, барсам баягы эле бузукулук, уруш да, жүрөгүм ооруп, эмне кылаарымды билбей отурам...

Айсулуу 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер