Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Дегенбаев: “Элге жана мекемелерге электр энергиясы адилеттүү тарифте иштелип чыкты”

Бакыт Дегенбаев: “Элге жана мекемелерге электр энергиясы адилеттүү тарифте иштелип чыкты”

08-май, 13:28
1 043 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алгач өнөр жай тармактарынын иштеринин жалпы жүрүшүнө токтолсоңуз? Андагы негизги багыттар боюнча кандай иштер жүрүүдө?

-- 2020-жылдын башында болгон коронавирус пандемиясынан кийин экономикабыздын көлөмү жана өнүгүүсү жабыркады. Көнүмүш экономикалык байланыштар үзүлүп, бир топ тармак аксап калды. Сырттан продукция жана сырье келбей, кескин түрдө азайды. Ушунун баары экономикабызга залакасын тийгизди. 

Эми гана өнөр жай тармактары акырындан жанданып баштады десек болот. Былтыркы январь-март айларына салыштырмалуу быйыл фармацевтикалык продукциясынын өндүрүшүнүн өсүшү байкалды. Башта токтоп калган мини НПЗлар өз иштерин баштады. Өзүбүздөн чыккан нефть келип, күйүүчү майлар менен кандайдыр бир деңгээлде камсыз кыла баштадык. Кемин, Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаарларында менчик НПЗлар ишин башташты. Лейлек районунда бир НПЗ май айында өндүрүмүн чыгарганы турат, буюрса. Күйүүчү майды иштетип чыгаруу аз болсо дагы, менимче булар алгачкы саамалыктар, дагы уланат.

Энергетика жактан жакшы реформалар күтүлүүдө. Өнөр жайдын башаты – электр энергетикасы. Электр энергиясы жок бир дагы станок же жабдуу иштей албайт. Энергетикабыздын потенциалы өтө сонун. Баардык аракеттерди жумшап, бул тармакты сактап, өнүктүрүп кетишибиз зарыл. Элге жана мекемелерге адилеттүү тарифтер иштелип чыкты. Талкуусу болуп атат. Кабыл алынса, энергетикабыз өнүгүү жолуна түшөт. 

Ишкерлер менен жолугушуулар токтогон жок. Анын негизинде өнөр жайыбызды өнүктүрө турган жакшы бир стратегиялык план иштелип чыгат деген ойдобуз. 

-- Бул тармакты колдоого алуу, экспорт жааты жана сапатка басым жасоо тарабынан да жаңылыктарды киргизүү аракеттери болуп жатса керек?..

-- Өнөр жай өнүгүү багытын реформалоо, ошонун ичинде сапатын өзгөртүүгө кадам таштоодобуз5-10 жылдан кийин каякта болушубуз керек? Кайсы тармактарга өтө көңүл буруу зарыл?” деген суроолорго жооптун үстүндө иштеп атабыз. Дүйнө жүзүнө эмне сунуштай алабыз? Биз дүйнө рынокторун кайсы продукциябыз аркылуу багындыра алабыз?” деген аракеттер болууда. 

Импортту алмаштыруучулар дегенди биринчилерден болуп багыт катары кабыл алып, ошонун негизинде иштешибиз керек (!) деген пландарыбыз бар. Жалпы энергетикадагы мамлекеттик заказдардын эң аз 80%ын Кыргызстандагы ишканалар аткарышы зарылдыгын белгилеп, тапшырма койдук. Муну аткарыш үчүн бир катар маселелер бар. Ошонун ичинде кадр маселеси, инженерия жана конструктордук борбордун түзүлүшү, НИИ машина куруу, металлургия, нефтехимия сыяктуу олуттуу маселелердин чечилүүсү жана негиздөөсү алдыда турат. Кыргызстандын өсүүсү өнөр жайдын өнүгүүсү менен түздөн-түз байланышта. “Дүркүрөгөн мамлекет курабыз” десек, күчтүү өнөр жайларыбыз болууга тийиш. Ошондуктан, өнөр жайды өнүктүрүүгө болгон аракетибизди жумшамакчыбыз.

-- Сиз жетектеген багытта өзгөчө көңүл буруучу жагдайлар катары эмнелерди көрө алдыңыз?

-- Эң биринчиден, өлкөнү, элди, ишканаларды күйүүчү май менен камсыз кылуу маселеси турат. Колдон келишинче баасын төмөндөтүү керек. 90% күйүүчү майдын көлөмү Россиядан келет. Ошондуктан дүйнөлүк рыноктун акыбалына түздөн-түз көз карандыбыз. Дүйнөдө баа кандай болсо, биздин ички баалар ошого жараша болот. 

Экинчиден, жаңы иштелип чыккан электр энергияга болгон адилеттүү тарифтер кабыл алынса, өнөр жай жетиштүү көлөмдө электр энергия менен камсыз болуп, жаңы ишканалар ачылат деген ойдомун. 

Андан кийин кластердик өнүгүү зарылчылыгы бар. Бул жерде идея: чийки заттарыбызды сырьё катары чыгарбай, ошондон продукция алып, аны өндүрүү жана экспорттоо. Пахтаны экспорт кылбай, андан жип, кездеме, анан аягында даяр кийим чыгаруу идеясы турат. Пахта, текстиль боюнча жакшы жаңылыктар бар. Бул жерде кластер түптөлдү десем жаңылбайм. Токмок шаарында пахта иштетилип, андан жип, кездеме алынып, соңунда даяр кийимдер чыгып баштады. Бул биринчи кадам. Бизде 100 миң тонна пахта өндүрүмү бар. Эми ошону 100% бул жерде кайра иштетип, даяр кийим чыгарышыбыз керек. Ошондо экономика оңолот. Бюджетке салыктар келет, миңдеген иш орундар түзүлөт. Мындай кластердик ыкма менен кетүүчү тармактар бизде өтө көп. Ар бирин стратегиялык пландын негизинде өнүктүрөбүз. 

Дагы бир маселе, өнөр жай зона же парктар маселеси. Ушул багытка көңүл буруубуз зарыл. Өнөр жай зоналар деген мыйзам болуш керек. Анын талкуусун баштадык. Жакынкы арада бир натыйжа чыгат деген ойдобуз.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер