Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүкөн тоногондор кармалышты, арасында кыз бала бар(фото)

Дүкөн тоногондор кармалышты, арасында кыз бала бар(фото)

14-ноябрь, 12:06
685 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2-ноябрда Бишкек шаарындагы 5-кичирайонундагы дүкөндү тоноп кеткендер кармалышты.

Белгисиз адамдар түнкү саат 2:00дон эртең мененкиге чейин дүкөндүн эшигин талкалап, ичинен 60 миң сом накталай акча жана 70 миң сомдук спирт ичимдиктерин жана тамекилерди алып кетишкен. Жалпы чыгым 130 миң сомду түзгөн.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин кызматкерлери дүкөнгө ууруга түшкөндөрдү кармашты. Алар 1995-жылы туулган Б.Б 1998-жылы туулган Н.Э. 1993-жылы туулган Т.А. жана 2000-жылы туулган  кыз болуп чыкты.

Алар күнөөлөрүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга камалышты.

Ал эми 1993-жылы туулган Б.Б. жанында пневматикалык пистолетти эки огу менен алып жүргөн.

Бул кылмышка шектүү кармалган жарандар башка да кылмыш жасашы мүмкүн. Октбрь РИИБ алардын сүрөттөрүн жарыялап, балким тааныгандар же булардан жабыр тарткандар болсо кабарлап коюсун суранышат. Телефондору: 0700 102 707, 0553 102 191 и 102.

 




Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер