(Видео) “Биримдик” №1 Кыргызстандыктарды тил майрамы менен куттуктады!
23-сентябрь -- Мамлекеттик тил күнүнө карата "Биримдик" демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясы тил майрамын белгилешти. Анда кыргыз тилинин баалуулугу, бай казынасы тууралуу сөз болуп, улуттун калыптанышына эне-тилинин тийгизген таасири жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүштү.
Ошондой эле “Биримдик” партиясынын тизмесиндеги талапкерлер белгилүү кыргыз акын-жазуучулардын кыргыз-тилине арналган чыгармаларын көркөм окушту. Мисалы, Пархат Тулендыбаев Б.Сарногоевдин «Эне тили», Марат Нуралиев - Т.Нурманбетовдун «Эне тилим», Кызжибек Карабекова А.Исмаиловдун «Мен - кыргызмын!», Нуржамал Казначиева жана Эмил Джусуповдор Ш.Дүйшеевдин «Эне тилин унуткандар», Алаяр Бостонов - А.Токтомушевдин «Эне тил» ырын көркөм окуп беришти.
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.