Бактыбек Раимкулов: “Улакчыларды ысык тамак менен камсыздоо үчүн үч жылкы союлду”
Ушу тапта Сокулуктун “Белек” ат майданында улуттук оюн болгон көкбөрү мелдеши башталып, бүйүр кызыткан финалдык беттешүү 3-апрелде боло турган болду. Мелдешти Чүй облусунун көкбөрү федерациясы жана анын башында турган Бактыбек Раимкулов азаматыбыз өткөрүп атат.
-- Бактыбек мырза, Сокулуктун “Белек” ат майданында көкбөрү боюнча чоң мелдеш өтүп атканынан кабарыбыз бар. Эң негизги максаты?
-- Өтүп аткан маараке 30-март күнү башталды. 3-апрелге чейин күн сайын эртең менен саат 10дон башталып, кечке чейин болмокчу. Максаты – Чүй элинин жаштар жана муундар арасында ынтымакты бекемдөө! Экинчи максаты – улуттук оюн болгон көкбөрүнү калың элдин катмарына жайылтуу. Үчүнчүсү – ден соолукту чыңдоо, аны менен бирге Чүй жергесинде көкбөрүгө чыга турган аргымактарды асыроо, таптоо, аларга аяр мамиле кылуу.
-- Канча команда катышып атат? Байге фонду канча?
-- Мелдешти демилгелеген жана өткөрүп аткан Чүй облустук көкбөрү федерациясы, президенти мен. Жалпы 31 команда аламанга чыкты. Алар үч тайпага бөлүндү. Жаштардан 16 команда, 40 жаштан жогору 9 жана 50 жаштан жогору 6 команда катышып атат. Алар тиги жагы Кемин, бу жагы Кара-Балта, Кайыңдыдан келишти. Байге фонду 1 млн. 250 миң сом. Мындан сырткары, келип мелдешке катышып аткан улакчыларды ысык тамак менен камсыздоого деп үч жылкы союлду.
-- Тыныгуу учурунда башка оюн-зооктор барбы?
-- Тыныгуу учурунда белгилүү эстрада ырчылары маал-маалы менен концерт коюшууда. Кызыктын баары али алдыда. 3-апрелде “Белек” стадиону шаан-шөкөткө бөлөнүп, финалдык оюндар жана мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталат. Тийешелүү байгелер мол болмокчу! Көкбөрүгө кызыккандарды чакырып кетебиз.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити