Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгарбай койгон Мелис Турганбаев бутага алынганда

Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгарбай койгон Мелис Турганбаев бутага алынганда

07-октябрь, 11:52
2 502 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күч органдарындагы айрым жетекчилер кайсы генералдын соңку кадамына кыжырданып атышат? Бул боюнча өздүк булагыбыз кабарлады... Дегенибиз, Бишкек шаарынын Октябрь районунан, бир мандаттуу округдан Мелис Турганбаев талапкерлигин парламент депутаттыгына көрсөтүп чыкпадыбы. Кокого сайылчу кылкандайбы? Айтор, көшөгө артынан чалып жыгуу ишараты байкалып, бир топ иштер боюнча иликтөөлөр башталганы ыраспы? Убагында Мелис Турганбаев ЖАМКны жетектеп турганда, Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгуу убактысы келсе да, мыйзамды бузуу менен түрмөдө кармаганы талкууга алынган кербези. Ушул өңүттөгү маселени кайсы тараптагылар көтөргөнү калышты? Унутулуп калган бул ишке баа беришип, юридикалык жагына басым жасашып, укук бузуу таризинде алып чыгышабы? Балким Садыр Жапаров айкөлдүк кылып, кечирип коёбу? Же мыйзамдын тилинде сүйлөшөбү? Азырынча ишти көтөрө тургандар күтүп жатышыптыр... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер