Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урматбек Шамырканов: “Алдын ала аба ырайы тууралуу маалыматтарды билип алып, анан тоого чыксаңыздар”

Урматбек Шамырканов: “Алдын ала аба ырайы тууралуу маалыматтарды билип алып, анан тоого чыксаңыздар”

18-январь, 19:01
919 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары менен маек.

-- Жолдош генерал, 15-декабрда Сүттүү-Булак жайлоосуна мал айдап келгени кеткен бойдон дайынсыз жоголгон Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы тургунун издөө боюнча кандай иштер жасалууда?

-Азыр издөө иштерине кошумча күч тарттык. Учурда издөөгө 94 адам катышууда. Кечээ мен өзүм да окуя болгон жерге барып келдим. Шарты оор, карагайлуу жер экен, кар калың. Издөө иштеринде бир топ кыйынчылыктар жаралууда. Ошондуктан, биз атайын альпинисттик даярдыктан өткөн 15 куткаруучуну Бишкектен кошумча ала бардык. Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы ошол жерде жалпы координацияны жүргүзүүдө. Жайлоонун төрүндө чабандын убактылуу үйү бар экен. Биздин куткаруучулар ошол жерди түнөк кылып, издөө иштерин улантышууда. Дрондорду колдонуу менен адам баса турган жерлердин баарын толугу менен изилдеп чыктык. Жогоруда айтканымдай, издөө иштерине баары болуп 94 адам тартылса, алардын 54ү биздин куткаруучулар. Калганы болсо туугандары, жакын достору, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери. Ушу келаткан жума күнүнө чейин тийешелүү иштер жүргүзүлүп, андан соң тыныгуу алабыз. Себеби, аба ырайынын шартына карабасак, кардын калыңдыгы тоскоолдук кылууда. Бир туугандары менен баарлашып, аларга да түшүндүрдүк. 

-Биздин жергебиз тоолуу болгондуктан, кыш, жаз айларында кар көчкү жүрүп, бирин-экин кишилер көчкүнүн астында калган учурлар кездешет. Андайга жол бербеш үчүн кандай чаралар зарыл?

-Биз 14-декабрдан баштап кар жаашы күтүлөт деп аба ырайы тууралуу эскертүүлөрдү алдын ала бергенбиз. Бирок, тиги жигит ошого карабай чыгып кетип атпайбы. Ошондуктан, мен учурдан пайдаланып баардык жарандарга кайрылат элем. Эгер тоого чыгуу боюнча кандайдыр бир пландарыңыздар болсо, алдын ала аба ырайы тууралуу маалыматтарды билип, анан чыксаңыздар. Азыр аңчылык сезону бүткөнүнө карабастан, кээ бирөөлөр мергенчиликке чыгып кетишүүдө. Биз изилдеп чыктык, Сүттүү-Булак участкасында кар көчкү коркунучу жок. Ошого тийешелүү адистердин корутундусу менен биз куткаруу иштерине туугандарынын, жердештеринин катышуусуна мүмкүндүк бердик. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер