Акыркы кабарлар
» Саясат » Жеңиш Абитов ИИМдин Тажикстандагы өкүлү болуудан баш тартты
Жеңиш Абитов ИИМдин Тажикстандагы өкүлү болуудан баш тартты
10-октябрь, 20:12


Генералга алмашкыс полковник Жеңиш Абитовго ИИМдин Тажикстандагы өкүлү болуу сунушу түшсө, ал баш тартыптыр. Кызмат үчүн жанталашпай чыныгы мырзалыгын көрсөткөнүнө баракелде! Бир канча РИИБ, эки ОИИБни жетектеген каарманыбыздын пенсияга кетүүгө дагы тогуз ай убактысы бар. Бул аралыкта ардактуу полковникти баалап, жогорку пост ыйгарышса жарашмак. Өмүр бою милициянын ысык-суугуна түтүп, башынан көп түйшүктөрдү өткөргөн Жеңиш мырзаны баалап алышыбыз керек. Жогорку жетекчилик деле кайдыгер карабай, кам көрөрүнө ишене туралы. Бул күндөр да өтөт...
"Азия Ньюс" гезити











