Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сузактык кордук көргөн аял Дильраба үн катты: «Мен жолдошумду кечирдим”

Сузактык кордук көргөн аял Дильраба үн катты: «Мен жолдошумду кечирдим”

17-июнь, 21:46
771 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сузактык аял Дильраба кирпич салынган дөңгөлөктү мойнуна илип, колдорун байлап, үстүнө суу чачкан жолдошун кечирди. Себебин аймактык кабарчыга түшүндүрүп берди. Дильраба айымдын айтымында, жолдошу ачык сүйлөгөн, жакшы адам. Эл талкуулап жаткандай мыкаачы жаман адам эмес.
«Мен жолдошумду кечирдим. Чогуу түтүн булатып жатканыбызга быйыл 26 жыл болду. Мындай учур биринчи жолу болуп жатат. Үйдө экөөбүз гана жашагандыктан, өзү жалгыз калып тажаганбы, айтор, ошол күнү бир аз ачууга алдырып, түшүнбөстүк болуп кетти. Буга чейин деле чыр-чатак болуп турчу. Кээде аз-маз айтышып калчубуз. Бирок катуу токмоктогонго чейин барган эмес. Албетте, ар бир эле үй-бүлөдө түшүнбөстүк болуп турат. Видео интернетке тараган убакытта абдан катуу уялдым.
Күйөөмдүн мындан аркы жашоосун, уулумдун тагдырын ойлодум. Өзүмдүн дагы жашоомду ойлодум. Интернет колдонуучулары билбей, көрбөй туруп ар кандай пикирлерди жазышыптыр. Негизи жолдошум адамга ачык, жайдары мүнөз киши. Дос-жарларынын арасында деле кадыры бар, жогорку билимдүү адам. Мунун баары көз ачып жумганча эле болуп кетти. Азыр кайын журтум, төркүнүм да бир үй-бүлөнү сактап калуу үчүн колунан келишинче аракеттенип жатышат. Менин да максатым, үй-бүлөбүздү уратпай сактап калуу.
Азыр көчөгө чыксам эле биз жөнүндө сөз болуп жатат. Убакыттын өтүшү менен баары өз ордуна келет да. Жолдошум кылган ишине өкүнүп жатыптыр. Мындан ары баары жакшы болот. Алдыда уулубузду үйлөнтүп, жакшы күндөрдү өткөрөбүз», - деди жабырлануучу Дильраба.
Шектүүнү карындашы Турсунай Бабаева кыска мүнөттүк видео үчүн бул үй-бүлөнү катуу талкууга албоого чакырат. Ал да мурда агасы жеңесин ур-токмокко алган учурун көрбөгөнүн билдирди.
 «Акем да, жеңем да экөө тең жогорку билимдүү адамдар. Интернетке тараган видеону көрүп, агамдын колунан ушул иш кантип келди экен (?) деп таң калып жатам. Экөөнүн түтүн булатып жашаганына 26 жыл болду. Ортосунда 1 уул бар. Анын да жогорку билимдүү болуусуна шарт жаратып беришти. Негизи биздин үй-бүлөнү тааныгандар агамдын жана жеңемдин кандай экенин билишет. Бирок интернет колдонуучулары 1 мүнөттүк видеону көрүп алышып, ар кандай ойлорду жазып жатышат.
Мындан ары жалаң жакшылыктар болсун. Эки жактагы кудалар бирин-бири кечирди. Жеңем да агамды кечирди. Негизи болуп өткөн окуядан кийин жалпы кыргыз журтчулугунан кечирим сурайм», - дейт Дильрабанын кайын сиңдиси Түрсүнай Бабаева.

Буга чейин үй-бөлүнүн жалгыз уулу окуя тууралуу билдирген.

Жолдошу тарабынан мойнуна дөңгөлөк илинип кордолгон аял боюнча окуя Сузак РИИБ тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жоруктар жөнүндөгү кодекстин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) менен катталып, ал кайра жазык кодексинин 144-беренесине (уруп-согуп кыйноо) которулуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Күйөөсү -- Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. 11-июнда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 2020-жылдын 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган.
 Кийинчерээк жабырлануучу аял күйөөсүн кечиргенин билдирип, милицияга тосмо арыз жазган.

“Турмуш”


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер