Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абылгазиев жаңы жылды күтпөй эле отставкага кетип калса болмок

Абылгазиев жаңы жылды күтпөй эле отставкага кетип калса болмок

28-ноябрь, 19:19
648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Райым Матраимовго карата (логикасыз) транзиттик жүктөрдөгү алымдарды, өлкөдөн чыгарылган миллиондорду жармаштырып, саясый оюнга айлантышканын коомчулук түшүнө баштады. Адискөй эксперттердин баамында, ишкерлердин которгон каражаттарын бир адамга байланыштыруу акылга сыйбаган жорук экени айтылууда. О.э. Матраимовго байланыштырган Дубайдагы мүлктөр да далилсиз болуп чыкты. Көрсө, парламенттик шайлоонун астында күчтүү фигураларды каралоо, аянттан сүрүп чыгаруу амалдары беле? 

Мындай жагдайда премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев кудуңдап жатса керек. Себеби, өкмөттөгү көп көйгөйлөр көлөкөдө калды. Кышка даярдыксыз элдин кыйналганы, электр энергиясына болгон чектөөлөр, көмүрдүн кымбатташы, дыйкандардын күзгү жыйым-теримдери өтпөй атканы, дээрлик жумушсуздук, айтор, санай берсең сазга баткан кейиштүү көрүнүштөр арбын. Ошол эле Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын ишиндеги шектүүлүк, күч органдарынын коррупцияга чырмалышканы, уюшкан кылмыштуу топтордун ишкерлерди өлтүрүшү, инвестициялык климаттын коркунучта калганы, дээрлик экономикабыз көтөрүлбөй атканы жана кадр саясатындагы “кашаңдыктын” таасири сыяктуу бир топ кемчиликтер бар. Өкмөт иштеп аткандай түр көрсөткөнү менен натыйжалуу жыйынтыгын көрсөттүбү? Эгерде ийгилиги болсо элибиз жонтериси менен сезмек да, туурабы? 

Мына, 2020-жылдын башынан тарта ЕАЭБдин тартибине ылайык жаңы тарифтер кирет, 160 товарга болгон баа көтөрүлөт. Дал ошондо кыйналган калкыбыз өкмөттөн катуу сурак кылат. Жазда көпчүлүк катмар талап коюп, Абылгазиевди отставкага кетириши толук мүмкүн. Саясый кризисти күтпөй эле жаңы жылга чейин кетип калса болмок...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер