Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Башка өлкөлөр өнүгүп атса, биздин өкмөт артка кетүүдө”

“Башка өлкөлөр өнүгүп атса, биздин өкмөт артка кетүүдө”

19-февраль, 19:16
1 740 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Улукбек Марипов премьер-министр катары иштей алабы? Деги эле жаңы өкмөттүн курамы ишенимсиз, аброю жок болуп атат го? Кандай баа бересиз?” деген суроо узаттык. 

Качкын Булатов, коомдук ишмер:

-- Улукбек Мариповдун премьер-министрлик кызматка келгени аз эле убакыт болду. Ошентсе да кайсы багытта ишти баштап, кайсы көйгөйдү биринчи кезекте чечүү керектигин ушу кезге чейин ачыктай элек. Экинчиси, мыйзам үстөмдүгү толук кандуу болбой атканы байкалат. Мурунку кездеги коррупцияга белчесинен баткан укук коргоо органдарында эч бир жылышты байкабай атабыз. Бул эле эмес, коррупцияга малынган өкмөттүн ар бир тармагы, баардык бутактары жаман илдеттен (коррупциядан) арылуу жолун издешкен жок. Азык-түлүктүн баары күн санап кымбаттап атканына ким күнөөлүү? Албетте, өкмөт күнөөлүү. Үчүнчүсү, эмне үчүн Россиянын “Газпромун” кекиртектен албайт? Эмне үчүн коңшу Өзбекстан менен сүйлөшүп, жаратылыш газын арзандатуу жагына кадам таштабайт? Ушуларды көрүп туруп кээ бир “дүжүрлөр” болбогон мактоолорду айтып, Улукбектин кадыр-баркын түшүрүп атышат. Мына ушуну эң ириде токтотуш керек.

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу:

-- Азыркы чөйрө, бөтөнчө саясат айдыңы өтө оор мезгилди башынан өткөрүп атат. Анткени 30 жылдык саясаттагы коррупция торуна чөмүлгөн система жаңы реформа идеяларына көп каршылыктарды көрсөтүүдө. Кадр саясаты да эски Конституция аркылуу олигарх саясый коррупция топтордун үзүрүндө келип жатканы байкалып атат. Бирок, мен баары ошондой деп айткандан алысмын, анткени жаш кызматкерлер көптү көрүп, социалдык тармактардан эң сонун реформа, тажрыйбаны инновация аркылуу тез жемишин берген иштерди жасаса болот. Марипов мырза жаш, өткөн бийликтин каталарын өз көзү менен көргөн жана башка мамлекеттердин тажрыйбасын билет. Мисалы, Эстония электрондук өкмөт аркылуу эски системадан чыгып кетти. Финляндия билим булактары аркылуу дүйнөгө жар салды. Мына ушундай өнүгүү ааламы алдыга жылып аткан кезде жаман иштесе, өзүнүн шору, эл аны кечирбейт!

Мирлан Орозбаев, жарандык активист:

-- “Бийликке жаштар келсин!” деп кыйкырып атып Улукбек Марипов премьер-министр кызматына келди. Бул бир четинен жакшы көрүнүш. Экинчиден, Улукбек өкмөттү жетектеген адам катары Кыргызстандын айыл чарбасын тийешелүү деңгээлге көтөрө алабы? Мына, кептин баары ушунда жатат. Бул жигит чарбакер эмес. Өзүңөр билгендей, биздин мамлекет агрардык өлкө, ушуну эске алышы керек. Андан сырткары, “өкмөттүн курамын ирилештирем, чиновниктерди азайтам” дегени менен бюрократия маселесин күчөтүп койгонун өзү деле байкабай калды өңдөнөт. Премьер-министр кызматына келерден мурун жок дегенде вице кызматында эки жылча иштегенде, өкмөттүн аки-чүкүсүнө чейин билип, тажрыйба топтоп, бышып жетилмек. Ушул жагдайдан алып караганда, Улукбек убактылуу эле. Жогорку Кеңешке парламенттик шайлоо бүткөнгө чейин жаштарды жоокалатуу амалында эле “десант” катары келип калды өңдөнөт. Анан калса, бул кадр аткаруучу, кагаз ташыгыч мүнөздө экени жашыруун эмес. Жеке идея, демилгеси болбосо, шефтин буйругун гана күтүп отурса, бизде кайдагы өнүгүү болот? Кыскасы, Марипов менен артка кетчүдөйбүз...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер