Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Биримдик №1. Бактыбек Чойбеков: “Өзгөрүүнүн жана жаңылануунун мезгили келди!”

Биримдик №1. Бактыбек Чойбеков: “Өзгөрүүнүн жана жаңылануунун мезгили келди!”

30-сентябрь, 11:55
811 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 “Партиянын программасында экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. "Биримдик" партиясы Жогорку Кеңешке шайланып калса, биринчи кезекте экономиканын өнүгүшүнө көңүл бурат. Өзгөрүүлөрдүн жана жаңылануунун мезгили келди” деди “Биримдик” партиясынын талапкери Бактыбек Чойбеков. Учурда талапкер Талас облусунда үгүт иштерин алып барууда. 

Макроэкономикалык реабилитациялоонун негизги рычагдарынын бири – бул санарип технологияларын киргизүү деп эсептейт талапкер. Ал ошондой эле партиянын негизги пландары тууралуу буларга токтолду:

· Бажы органдарында онлайн көзөмөлдөө системасын киргизүү. Баардык бажылык тариздөө пункттарында видео көзөмөл орнотуу жана жүк ташуучулар үчүн GPS тутумун киргизүү.

· Товарлардын жана кызматтардын көмүскө жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү. "Салык процедураларын фискалдаштыруу" долбоорун өнөр жайлык баштоо, электрондук эсеп-фактураларды, онлайн-кассаны, виртуалдык салык төлөөчүнүн кампасын жана электрондук отчеттуулукту толугу менен киргизүү. 

· Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды үйдөн чыкпай туруп алуу мүмкүнчүлүгү.

· Мобилдик тиркемелер менен ар кандай товарларды аралыктан онлайн режиминде төлөө. 

Бактыбек Чойбеков өлкө биримдикте жана ынтымакта жакшы өзгөрүүлөргө жетишерин белгилеп, шайлоочуларды Биримдик” партиясын колдоого чакырды.

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер