Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вице-мэр: “Маршруткалардын жол киресин акырындык менен кымбаттатуу керек”

Вице-мэр: “Маршруткалардын жол киресин акырындык менен кымбаттатуу керек”

14-сентябрь, 18:59
1 408 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маршруткалардын жол кире акысын жогорулатуу маселеси каралып жатканда, Бишкек мэриясы бир эле тарапты жактап жаткандай таасир калтырууда. Бул тууралуу пикирин Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында депутат Олег Попиков билдиргенин “Барометр” маалымдады.

“Мага “бирөөлөрдүн бизнесине кызыкдар” деген пикир айтылышы мүмкүн. Мен эмнеге төлөйм? Кайсы жакшырып кеткен нерсе үчүн?” деп сурады депутат жыйында. Вице-мэр Русланбек Акылбеков ага жооп иретинде жол кире акысын жогорулатуу маселесин карап чыгуу керектигин айтты.

“Жогорулатуу керек, бирок акырындык менен. 2012-жылдан бери кымбаттуу боло элек. Киреше таап, паркты жаңылаш үчүн ” деп айтты вице-мэр.

Бишкек мэриясы Бишкек шаардык кеңешине коомдук транспорттун баасын 8 сомдон 11 сомго, ал эми маршруткалардын баасын 15 сомго жогорулатуу боюнча токтом долбоорун берди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер