Акыркы кабарлар
» Саясат » Бийликтин соңку саясатына генерал Суваналиевдин макул эместиги байкалды
Бийликтин соңку саясатына генерал Суваналиевдин макул эместиги байкалды
05-октябрь, 18:59


2-октябрда Кочкор районунда Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленди. Кандай шаң-салтанат болгонун бийликчил ЖМКлар жабырата берди да. А жагына токтолбой эле коёлу. Биздин баамдаганыбыз, экс-губернатор катары Өмүрбек Суваналиев да мааракеге чакырылганы, бирок баруудан баш тартып койгону кызыктырды. Ооба, катышкан жок. Муну менен бийликтин соңку саясатына макул эместигин байкадык. Анан калса, президенттин астынан кол сунуп тосуп алган “дүжүр элитанын” катарында тургусу келбеди окшойт. Ар бир бийликке кошомат кылгандардын сабында “Комиссар Каттани” орун албайт да. Андайлар Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана Сокеге да ийилишип, колдон колго өткөн “эски карталардай” болуп калышканбы? Жалган дүйнөнүн “жарчыларындай”...
Айтмакчы, генерал Өмүрбек Суваналиев бийликке үч жыл толгондон кийин адаттагыдай ачык, курч ой-пикирин коомчулукка айтабы? Көрө жаталы."Азия Ньюс" гезити











