Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Жаңы кошуна болуп көчүп келген сойкунун айынан коломтобуз өчкөнү турат
Жаңы кошуна болуп көчүп келген сойкунун айынан коломтобуз өчкөнү турат
16-июль, 14:06
963 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мен 25 жаштамын, үй-бүлөм бар, кайненем менен жашайбыз. Жашаганыбызга 3 жылдан ашты. Жаныбызда сауна бар. Ошол сауна иштечү мурун, азыр башкага сатылып кетиптир. Ал жакка бейтааныш аял көчүп келди. Ошол күндөн баштап биздин үй-бүлөбүзгө бүлүк түштү. Ал айымды тааныгандар жеңил-желпи көрүнгөн эркектерге жакын айым экенин айтышты. Күйөөм курулушта иштегендиктен, “акысын төлөйм” деп эле эки күндүн биринде чакырат. Анан ал аялга сөз тийгизбей күйөөмдүн мүнөзү өзгөрө баштады. Эркектер эмнеге ушундай? Күн санап бейтааныш аялга жан тарткан күйөөмө көңүлүм сууп барат. “Ага барба же мени танда” десем күйөөм эч ойлонбой каалганы тарс жаап чыгып кетти. Бир сойкунун айынан очогубуз өчкөнү турат. Байкап калдым, аны менен соо эмес экенин...
Нурсулуу