Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мэр Эмилбек Абдыкадыров кары-картаңдардын, ооруган адамдардын убалына калды

Мэр Эмилбек Абдыкадыров кары-картаңдардын, ооруган адамдардын убалына калды

23-март, 15:08
525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Быйыл Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө берилген жылуулук эрте өчүрүлдү. Өткөн жумада түнкүсүн -1, 0 градусту көрсөтүп атты. Талапка ылайык, +8ден көрсөткүч төмөн түшсө, жылуулук берилип турушу керек. Бирок андай болгон жок. Негизи март айынын аягында, күндүн жылыганына карап, андан соң чечим кабыл алышчу. Тилекке каршы, мэр Эмилбек Абдыкадыров өз билгенин жасап, элге кыянаттык кылуу менен жылуулукту бууп салган. Көпчүлүк шаардыктар нааразы пикирлерин айтып атышты. Бийликтин беделине карай сокку урулду. Айрыкча кары-картаңдарга, оорукчандарга, бала-бакырага убал эле болгонун жашырбайбыз. Ачык гана кыянаттык жасалды. Сыягы, Эмилбек Абдыкадыровдун ар бир иши ката, чалды-куйду кетип атат. Биз баарын тизмектеп келатабыз. Али көп кыңыр иштери, кайдыгерлиги, шалаакылыгы жана коррупцияга малынганы кашкаябы? Эмесе, күтө тургула. Убакыт баарын ачыктайт. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер