Акыркы кабарлар
» Саясат » Диндеги ыпластык... Тойгонбай Абдыкаров менен Замир Ракиев жазага тартылышабы?
Диндеги ыпластык... Тойгонбай Абдыкаров менен Замир Ракиев жазага тартылышабы?
01-сентябрь, 09:00
592 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда диний кырдаал жакшы абалда эмес. Асыресе, коркунучтуу. Себеби, түштүк аймагынан мыйзамсыз таризде иштеген 60 чакты мечит, медреселер аныкталып, УКМК тарабынан бөгөт коюлганы кабарланган. Ушундай эле иш-чара түндүк жактан да иликтенип, текшерүүгө алынып атканы маалым. Алдын ала жагымсыздык айтыла баштады. Аяктаса жарыялашса керек. Муну менен эмнени айткыбыз келет? КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Тойгонбай Абдыкаров менен муфтий Замир Ракиев каякты карап отурушкан? Дээрлик шектүү жоруктарга, мыйзамсыздыкка көз жумду мамиле кылышып, көмүскөдөн акча жасашып, бүтүндөй булганычка батышканбы? Эмне үчүн ушул убакка чейин тыкыр көзөмөлгө алышкан эмес? Дал ушул суроолордун жандырмагына УКМК токтолуп, баа бериши зарыл. Мамлекет тарабынан Т.Абдыкаров менен З.Ракиевге ишеним көрсөтүлүп келсе, жооптуу кызматтарда отурушса, анан булардын тетири кетишкени кандай? Көз жумду мамиле жарабас. Жазага тартылышабы?
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити