Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адиль Турдукулов: “Ачкачылыктан каршылык акциялары башталышы мүмкүн”

Адиль Турдукулов: “Ачкачылыктан каршылык акциялары башталышы мүмкүн”

01-апрель, 20:35
2 514 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учур кырдаалына жараша саясатчы Адиль Турдукуловго көйгөйлүү суроолорду жолдоп, ынанымдуу жооп алууга жетиштик. Албетте, төмөндөгү айтылгандарды бийлик эсине алып, алдын ала караңгыдан көз тапкандай жолдорун издеши зарыл.

--Коронавирусту алдына алууга болот беле? Кандай катачылыктар болду?

--Катачылыктарды президент Жээнбеков кечээ өзү айтып кетти. Бул лаборатория жоктугу, тестирлөөгө керектөөчү материалдардын жетишсиздиги, медиктерде жеке коргонуусу үчүн зарыл болгон каражаттар жок болгондугу ж.б.у.с. Бирок бүт кемчиликтерди экс-саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге оодарып койгон туура эмес. Анткени, бул терс көрүнүштөр биздин жалпы саламаттык тармагынын мурунтан бери уланып келе жаткан кейиштүү абалы. Биздин мамлекетте өзгөчө профилактикалык, инфекция менен күрөшүү жаатына көңүл таптакыр бурулган эмес. Эпидемиологдор жетишсиз. Санитардык кызмат да даяр эмес. Вирусологдор жокко эсе. Ошондуктан бизде медициналык чарага караганда, чектөө, элди үйдөн чыгарбоого жана милициялык кысымдарга басым жасалган. Бирок бул чектөөлөргө карабай эксперттердин божомолу боюнча 30-марттан баштап 5-апрелдин тегерегинде бейтаптар кескин көбөйөт. Алардын 20%ы вирустун оор формасы менен оорушу ыктымал. Буга биздин мамлекет даяр эмес...

--Өзгөчө абал 15-апрелге чейин созулса, эгерде ооругандар мындан да көбөйүп, бул тартип дагы уланса, элдин чыдамы эмне болот? Күнүмдүк тамак-ашы үчүн иштешип, жан багышкан көпчүлүк катмар чыдабай кетпейби?

--Вирус буюрса кетет, бирок экономикалык кризис белгисиз убакытка уланат. Биздин эң башкы капитал – эл. Башка мамлекеттерге окшоп катылган акча жок, бюджеттибиз жыл сайын дефицит менен аяктайт, казынанын жарымысы социалдык төлөмдөр. Эл өзүн өзү багууга көнүп калган. Мамлекетте азыркы убакытка чейин социалдык жарылуу болбогондугу бул -- көмүскө экономика, контрабанда, мигранттардын жиберген акчасы, тейлөө, соода тармагы өнүккөнүндө. Азыр баардыгы токтоп турат. Ошондуктан карантин улана берсе ачкачылыктын айынан каршылык акциялар башталышы мүмкүн. Бишкекти эле мисалга алсак, 3 миңге жакын таксисттер токтоп калышты, миңге жакын тачка түрткөндөр да ишсиз. Жаш Гвардия – Толстой көчөлөрүндө 500-1000ге чейин чогулуп жумуш издегендер да үйүндө. Андан тышкары, чакан ишкерликтин баары банкроттук коркунучда. Баш калаада 7,3 миң чакан жана орто бизнес ишканалары бар (республика боюнча 12 миң). Бүтүндөй тармактар кирешесиз калды: мейманканалар, туристтик компаниялар, коомдук тамактануу, соода жайлары, сулуулук салондору, авто жуугучтар ж.б. Мындай бизнести ачкандар көбүнесе кредит алгандар. Жалпы саны 900 миң кишиЭгерде массалык түрдө кредиттер төлөнбөсө банктар иштебей калышат. Анан эң негизгиси социалдык депрессия күчөйт, чекке жетет – бул өзүн өзү өлтүрүүлөрдүн көбөйүшү, криминалдын кескин өсүшү, уруп-тоноолор...

--Ошентип, жарды Кыргызстанды коронавирус апааты экономикалык кризиске кептеп, сазга батырып баратат. Келечекти кандай элестетебиз?   

--Азыр бийлик тышкы донорлор берген акчаны пайдаланып, бюджетти калыбында кармап туруу аракетин көрүп жатат. Бирок социалдык жарылууну алдына алып, эл ачка калбаш үчүн адресттик социалдык жөлөк пул жагын кенен чегерип бериши керек. Жанакы элден чогулган акча дагы ошол эң аярлуу, муктаж үй-бүлөлөргө жеке, персоналдык ыкчам жардам катары көрсөтүлсө туура. Эң керектелүүчү азык-түлүктөр да тизмектелинип, такталып, алардын баасы да катуу көзөмөлдө болушу шарт. Дагы бир жолу баса айтып кетейин, биздин эң башкы милдет азыркы учурда -- эң аярлуу делген элдин катмарын коргоо жана орто бизнестин шартын колдоо! Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 800 миллион доллар. Ошонун жарымысы Кытайга таандык. Биз быйыл 28 млрд. сом тышкы карызды төлөшүбүз керек. Азыртан баштап Орусия, Батыш, Кытай тараптар менен төлөө мөөнөтүн жылдыруу же жеңилдетүү жөнүндө сүйлөшүүнү башташыбыз зарыл. Алар муну түшүнүү менен кабыл алып, биздин шартка макул болоруна ишенем.

--Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын коменданттары кандай иш алпарууда? Булардын ишмердиктерин талдап, баа берип көрбөйлүбү?

--Үч шаарга жана айрым райондорго өзгөчө абал киргизгенден кийин деле вирус Нарынга, Көлгө да жетти. Ошондуктан өзгөчө абалды бүт республика боюнча жарыялаш керек. Бирок айыл чарбасы менен алектенгендердин иштешине уруксат бериши шарт. Өндүрүшчүлөрдүн, тамак-ашты ташып келүүгө эч кандай кыйынчылык болбош керек. Бирок Бишкекте буга расмий, бейрасмий түрдө чектөө киргизилип жаткандыгын экономикалык диверсияга тете аракет катары баалайм. Ошондуктан, митингдерди таратканды гана жакшы өздөштүргөн Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиевди тез арада алмаштырыш керек! 

Асланбек Сартбаев

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер