Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапар Ормонов айтылуу Арзыбек Буркановдун аркасы менен Чолпон-Атага “кондубу”?

Жапар Ормонов айтылуу Арзыбек Буркановдун аркасы менен Чолпон-Атага “кондубу”?

22-август, 09:00
1 038 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Интеллигенция каймактарынын кичи мекенине айланган Чолпон-Ата менен Бостерини билими тайкы Жапар Ормонов башкарып, эл ичинде уу-дуу кеп жаратты. Ооба, аймактар аралык ротация болуш керек. Бирок чабал, деңгээли пас кадрларды эмес, татыктуу, тажрыйбалуу жетекчилерди иштетели да. Эмнеге мүдүрүлүп эле жатабыз? Жапар Ормонов убагында Икрам Илмияновдун арты менен кызматка жармашып, кийин “сокечилердин” колтугуна кирип кетип, “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен 2020-жылы парламенттик шайлоого катышып, жыйынтыгында Оштон эл астында таяк жеген. Абройлуу, таза иштеген адам минтип кордолбосо керек, туурабы? Былыгы чегинен ашып атса, элестете бергиле. Чолпон-Ата шаарынын мэрлигине Жапар Ормоновду айтылуу “серый кардинал” Арзыбек Бурканов койдурганы каңкууланды. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” деген ушулбу? Ишбилги адистер жумуш таппай каржалып калышканда, баягы эле “ичип-жегичтер” өсө беришеби? Ай, жалган дүйнө! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер