Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көмбөсөм көксөм суубайт окшойт...

Көмбөсөм көксөм суубайт окшойт...

12-декабрь, 11:10
2 109 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Досум Мырза Добутовдун жаркын элесине!)

Ыйлай берип кыйналып кеттим. Көп эле жакындарды узаткан элем. Сен бир өзгөчө жүрөгүмдөн түнөк таап алыптырсың. Мен түшүндүм. Тирүүлүктө иш бүтпөйт экен. Эки маал телефондон эзилишип сүйлөшүп алып, эс алып калар элек. Аяш ава деп коёт элем. Баарыңды “үкам дейм. Сен бир башкача үкам элең. Ажал дейбиз да, акка моюн сунган сени кара топуракка көмүп туруп, куран окуп кала беребиз. Кандай болгон күндө да сенин элесиңди эстегенге аракет кылабыз. Бирок, убакыт өткөн сайын унутула баштайсың. Аяш энемдин жүрөгү токтогончо сени унутпайт. Аяшым менен аяш уулдарым, аяш кызым сени эстешет. Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн дегендей, сени менен замандаш жана дос болуп чогуу жүргөн биз Апкачарлар жана достор колубуздан келишинче сени унутпаганга аракет кылабыз. Бирок... Сени өз колум менен көмүпбоз топурактын алдында калганыңды өз көзүм менен көрүп, бир ууч топуракты салып келбесем көксөөм суубайт окшойт. Сени көмүп келиш үчүн сапарга чыктым. Самолётто ыйлап баратам... 

18-декабрга билет алдым дебедиң беле? Ал билетте сенин элесиң учканы калды. Сенин өлгөнүңдү угуп алып түтөп отурдум. Намаз окуп сообун багыштап, аяш апамдар уга элек болгон үчүн атыңды жазбадым. Жеке баракчам аркылуу досторго кабар бердим. Угаары менен баары эле жалганишенбейм”, “койчу ай мындай тамашалабачы... Ушул сөздөрдү сени өлүмгө кыйбаган ар бир досумдан угуп жаттым. Аягында эч кимге угузгум келбей калды. “Өлбөй кара жерге кир” дедим да, Дон дарыясын тиктеп алып көзүмдүн жашын көл дайра кылып шолоктоп ыйладым. Жалгыз отуруп ыйлаган жаман экен. “Кой эй, болду” деп койгон киши жок. Соороткон киши болбогон соң, көзүңдүн жашы соолуп акпай калганда жаш балача улутунуп отуруп калат экенсиң. “Мырзаны түштөн кийин көмөт” дегенди укканда ордумда отура албай калдым. “Түштүктө түшкө чейин коюп салат” деген үчүн Шайырбек Абдырахман досума “мен үчүн бир ууч топурак салып койчу?” деп аманат кылган элем. Эми болсо өзүм жетишип калуу үчүн баратам. Ростов--Бишкек--Ош--Баткен. Жаназаңа жетишсем экен. Сени бейишке узатсам экен (!) деп тиленип баратам, досум....

Акыркы аш, алтын баш

Туладан атайын мени тосуп алуу үчүн Москвага келдиң. Толкунбай Чили Сай тооктун этин берип коёт экен. Коңкобайга малдын этин бериш керек да аа?” дедиң. Ооба” дедим. Эки табак аш койдуң. Досторго сүрөт жибердик. Сыймык Бейшекеев досубуз адатынча тамашага айлантты. Абдан сонун отурдук. Чолпонбек Абыкеев менен сүрөткө түшүп, орундуу сүйлөп отурдуң. Анан сыртка чыгып, “кафенин аты Манас” деп өзүнчө бир эргип алдын. Кечинде Манас” кинотеатрына бардык. Ал жерден да ажыкыстанып сүрөткө түштүк. Мен туруп бийледим. Сен отуруп бийледиң. Бирок, акыркы жолугушуубуз экенин билбедим. Кечинде мени жата турган жериме жеткирип келдиң. Ажырашкыбыз келбей негедир абдан узак отурдук. Эмнени гана сүйлөшпөдүк. Досторубуздун ийгилигине кубандык. Баарыбызды акырындан өстүрүп жаткан Кудайга шүгүр келтирдик. Бир досубуз тууралуу узак сүйлөштүк... “Сен өсүшүн керек дедиң. А сенчи?” десем, мен силердин ийгилигиңерди жогорудан карап кубанып турам деп койдуң. Ооба. Сенин президентиң Путин да деп тамашалап койдум. Маани берген эмес экенмин...

Ошол КИА машинаңда кечке сүйлөшүп отуруп, “досум, жарашпайт экен” десем, "экономичный" деп адатыңча жылмайдын. Сенин жашооңду экономдоп саларын кайдан билдик. Ажал келгенде арга жок... “Жакшы адамдар жаш кетет экен” дешти. Кайрат айтышты. Сени “тиги дүйнөгө керек экен” да дегендер болду. Сени “тиги дүйнөдөн да бул дүйнөгө керек болчу” дейм. Бизге керек болчусуң. “Жамалбекке баралычы” деп келип, коңурук тартып сонун уктачусуң. Коңуровичтин коңуругуң сагындым. “Бас кеттик, үкам” деп сарайга алып жөнөчүмүн. Сөзүбүз түгөнбөй канча таңдар атты. Эми сенин алтын башың кара жерге жатат....
Жакындарың менен кошо досторуңду кайгыга салып кеттиң. Жаткан жерин Жаннат болсун Досум!!!


Жамалбек ЫРСАЛИЕВ 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер